– Айсулуу, "Супер сулуу" сынагы сага эмне берди?
– Айрымдар катышып жатканда "эң негизгиси катышуу" дешет эмеспи. Менде андай нерсе жок. Катыштымбы, демек, жеңишим керек. Мурун деле мындай сынактарга катышып келсем да, чоң сахнага чыгып, 14 кыздын арасынан мыкты аталып, таажыны кийүү мага андан да чоң ишенич пайда кылды.
– Купальникчен сахнага чыкканыңа жолдошуң кандай караган?
– Жолдошум менен ошол кезде кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнбүз. Ал туура түшүнүп, концертке келип, колдоп турган. Сынакта купальникчен чыгуу номерин кошуу, негизинен, эл аралык деңгээлдеги сынактарга жетүүнүн максаты да. Андыктан бул нерсе нормалдуу эле көрүнүш.
– Ар кандай көргөзмөлөрдө чыгып жүрчүсүң, азырчы?
– Акыркы жылда Ассоль Молдокматова менен тыгыз иштешип калгам. Турмушка чыкканыма байланыштуу алыстап калдым бул чөйрөдөн. Бирок мындан ары сынактарга катышпасам деле көргөзмөлөргө чакыруу болсо барып турам.
– Сыр катары кийинки катышуучуларга сынактын жүрүшү тууралуу айта кетпейсиңби? Атаандашуулар болду беле?
– Чындыгында, сынакта аябай эле атаандашуу болду. Кимдин ким экенин даярданып жүргөндө билдим. Концерт болоруна аз калганда бир катышуучу кыз менен уруша да кеттик. Бирок дос болуп, жакшы мамиле күткөн кыздар да болду. Андыктан сынакка катышкан кыздар абайлап, өзүнө сак болушу керек, атаандашуулар болот.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg