«Супер сулуу-2012»
сынагынын өткөн аптадагы SMS-добуш берүүнүн жыйынтыгы
боюнча Ак-Мөөр 70 добуш алып финалга чыкты.
Ал эми Толгонай 2 добушка ээ болду.
"СУПЕР СУЛУУ" БОЛ!
Кадырлуу окурмандар, «Супер-Инфо» гезити кезектеги 6-жолку «Супер сулуу» сынагынын старт алганын маалымдайт. Андыктан өзүнө ишенген, бой-келбети келишкен сулуу бийкечтерди сынакка катышууга чакырабыз. Урматтуу бийкеч, эгер сиз көптөн бери чет өлкөгө чыгып эс алып келүүнү кыялданып жүрсөңүз жана келбетиңиз биздин талапка жооп берсе, анда бизге келиңиз. Балким, дал сиз «Супер сулуу» наамына татып, кыялыңыз орундалар. Биз сизди күтөбүз!
СУЛУУЛАРДАН ДОБУШУҢУЗДУ АЯБАҢЫЗ!
Гезит бетине чыккан сулууларга добуш берүү үчүн 1050 кыска номерине сулуулардын катар номерин, 44 же 55 санын гана жазып SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Добуштар сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын бейшемби күнү саат 10:00гө чейин кабыл алынат. Добуш берүү сынак соңуна чыккыча ушундай тартипте өтөт. Ал эми катышкан сулуулардын рейтингин INFO сөзүн 1050 номерине жөнөтүү аркылуу билсеңиздер болот.
СЫНАКТЫН ШАРТТАРЫ
«Супер сулуу-2012» сынагына 17ден 25 жашка чейинки, бою 165 сантиметрден жогору, ай чырайлуу, турмушка чыга элек кыздар катыша алышат. Ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү чыгып, окурмандардын сынына коюлат. Окурмандар кимисин сулуу деп эсептешсе, 1050 кыска номери аркылуу добуш берип тандап алышат. Сулуу бийкечтердин тагдыры сиздин колуңузда! 1-турдан өткөн кыздар финалга чыгышат. Алгач финалга чыккандардын купальникчен сүрөттөрү гезит бетине жарыяланат. Андан соң ичинен шоу-сынактын негизинде баш байге ээси аныкталат.
Megacom, Nexi жана О! компанияларынын абоненттери үчүн 1 SMS баасы – 43 сом,
Beeline жана Кател компанияларынын абоненттери үчүн 1 SMS баасы – 0,90$.
Бардык төлөмдөрүн кошкондо.