Кыргыз улуттук бийин өнүктүрүү максатында жаңы «S-Dance» бий тобу ачылып, ийгилик жарата баштады. 80 кыздын башын бириктирип турган топтун жетекчиси Азамат Аспековдун айтымында, алар октябрь айында Анкара шаарында түрк тилдүү элдердин ортосунда өтө турган улуттук бий сынагына чакыруу алып, кызуу даярдык көрүшүүдө. Анан да топтун негизги максаты – эл аралык бий сынактарына катышып, улуттун атагын чыгаруу экен.