Гезитибиздин №509-санында «Кыргызфильм» Тата Уланды сотко берип жаткандыгы тууралуу жазганбыз. Маалыматка караганда, этноакын «Кыргызфильм» тарабынан тартылган «Кыргызстан – Азиянын жүрөгү» аттуу видеороликтеги кадрларды «Ассалому алейкум» аттуу клибине уруксатсыз колдонуптур. Бул тууралуу комментарий алуу үчүн этноакынга телефон чалып, такыр байланыша албай койгонбуз. Көрсө, ошондо ал телефон байланышы жок жерде эс алып жүргөн экен. Тата Уландын айтымында, ырчы жигит кечирим сурап, таарынып жаткан тарап кечиргендей болуптур. Болгону, Тата Улан бул кадрларды КТРКда иштеген тааныштарынан алып, аны клибине колдонууга уруксат сураганда «ооба, булар эфирге чыккан» деген жооп алган экен. «Аларды билет деп ойлогом. Ошентсе да өзүм тактап койсом болмок экен»,- деп бул иши үчүн башын ийип кечирим сураганын кошумчалады.