Кыргыз элинин сыймыгы болгон, атына заты жарашкан Сыймык байкебиз 29-августта 3 килограмм 250 грамм салмактагы кыздуу болуп, кубанууда. Бул үй-бүлөдөгү төртүнчү наристе. Учурда жеңебиздин жана ымыркайдын ден соолугу жакшы. Кыз болорун билген үй-бүлө мурунтан эле ысымды тандап жүрүшкөн экен. Наристеге байкебиз өзү Назеркем деп ат коюуну пландап коюптур. «Бул ысымды элдин көбү жактырды» деп сүйүнгөн Сыймык Бейшекеевге бешик бооңуз бек болсун дейли.