Бопуш: «САКИШ КҮЙӨӨГӨ ТИЙБЕЙ КАЛЫШЫНА МЕНИ КҮНӨӨЛӨЙТ»

Күлкү жана кино айдыңына кеңири таанымал, дайыма эгиз козудай ээрчишип жүргөн Сакиш менен Бопуш тандеми. Сыртынан аял-күйөөдөй көрүнгөн актёрлордун өз аттары көмүскөдө калып, тааныштары да аларды сахнадагы ысымдары менен чакырышканы таң калтырууну жаратпайт...

– Саламатсыздарбы, көпчүлүк сиздерди Сакиш менен Бопуш деп тааныйт. Мындан улам өзүңүздөрдүн атыңыздар көмүскөдө калбайбы?
Марат Жанталиев: – Үйдөгүлөр, дос-туугандарым Марат деп эле айтышат. Бирок кээде шашылыш бирөөгө коңгуроо кылсам, «мен Марат-Бопуш» деп эки атымды тең айтам.
Айнура Турганбаева: – Ооба, мен да ошондоймун, «мен Айнура-Сакиш» деп айтпасам, «кайсы, ким?» дей берип тажатышат. Жакында паспорт алмаштырсам, өзүмдүн атымды чийип салып Сакиш деп жаздыртып алсамбы деп тамашалап калам.

– Сакиш-Бопуш тандеминин түзүлгөнүнө канча жыл болду?
М.Ж.: – Биз 1990-жылдан бери ар кандай интермедияларды, тамашаларды, спектаклдерди чогуу аткарып келатабыз.
А.Т.: – 1987-жылы Каракол драмтеатрында окуп жүргөндө таанышканбыз. Тандемдин түзүлгөнүнө 20 жылдан ашты.

– Өзүңүздөр тууралуу кыскача айтып берсеңиздер?
М.Ж.: – Мен 1961-жылы 3-мартта Нарын облусунун Кара-Кужур айылында туулгам. Үй-бүлөдө үч бир туугандын экинчисимин. Ата-энем экөө тең дарыгер болгондуктан, үйүбүз дайыма дары жыттанып турчу. Алар менин актёр болушума каршы чыгышкан. Москва шаарындагы Кинематографиялык институтка тапшырып жатканда «ылайым өтпөй, кулап калса экен» деп тилешкенине болбой өтүп кеткем. Үй-бүлөлүүмүн. Жубайым Асел экөөбүздүн ортобузда эки уул, бир кызыбыз бар. Учурда Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенем.
А.Т.: – Мен болсо Чүйдүн кызымын. Аламүдүн районунун Татыр айылында 1968-жылы 9-январда жарыкка келгем. Абдан чоң үй-бүлөдө тарбияланып-өскөм. Он бир бир туугандын алтынчысымын. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын эки жылдык студиясын аяктагам. Учурда бойдокмун...

– Экөөңүздөр дайыма чогуу жүргөндүктөн, аял-күйөөсү деп ойлогондор да бар болуш керек, ээ?
А.Т.: – Мына ушул суроону күтүп жаткам. Бизге эң эле көп берилген суроо. Аял-күйөө эмеспиз, биз бири-бирибизге төп келишкен өнөктөштөрдөнбүз. Доспуз, аяшпыз, жакшылык-жамандыкта, ысык-суукта, гастролдордо чогуу жүрөбүз.
М.Ж.: – Айнура экөөбүз бир туугандайбыз.

– Айнура, сиздин турмушка чыкпай жүргөнүңүздүн негизги күнөөкөрү Марат байке болуп жүрбөсүн?
А.Т.: – Андай болушу да мүмкүн, тээ сахна босогосун аттагандан баштап эле жетелешип, колтукташып көчөдө, съёмкада, концертте, тойдо деле чогуу жүрсөк. А мүмкүн, маңдайга жазылганы ушудур. Балким, 50гө чыкканда күйөөгө тиеттирмин, ким билет...

– Куда түшүп колуңузду сурап келген мырзалар деле болсо керек?
А.Т.: – Колумду сурагандар болгон. Бирок мен «звезда» болом деп алардын сунушун четке кагып салганмын.
М.Ж.: – Ооба, болгон, болгон. Мына мен буга күбөмүн. Мен барда эле бир-экөөсүнөн баш тартып койгон. «Бопуш, менин күйөөгө тийбей калганыма сен күнөөлүүсүң» деп күнөөлөп калат. Анан мен «мага жолукканга чейин эле тийип албайт белең жаш кезиңде» деп тамашалайм.

– Балким, сиз издеп жүргөн түгөйүңүз биздин окурмандардын арасынан табылар. Айнура айымга кандай мырзалар жагат?
А.Т.: – Билесиңби, аялзаты үчүн эң коркунучтуусу – жалгыздык экен. Ушул нерсе спектакль, концерт, шаан-шөкөттөрдөн кийин үйгө барганда аябай билинет. Тойго барсаң да «ий, бечара, тиги дагы эле турмушка чыга элекпи?» деген сыяктуу сөздөрдөн чочулайсың. А бирок экинчи түгөйүмдү издеп жүрөм деп жатпаймынбы. Балекетине издеп жүрөмбү, издесем эчак эле тапмакмын. Мырзалар эң башкысы адамгерчиликтүү болсо жана сен үчүн күйсө. Калпычыларды жек көрөм. Калган жагы маймылдан эле кичине сулуураак болсо болот.
М.Ж.: – Эртең www.super.kg сайтынан бир африкалык көрүп алып, сени «звезда» кылам деп келип алса анан :)
А.Т.: – Ии, жүрөм да жунглиде жалбырактарды чаптап алып :)

– Өзүңүздөрдү куудулмун деп эсептейсиздерби?
М.Ж.: – Жок, куудулмун деп ойлобойм. Мен Айнура менен эле тамашалуу интермедияларды аткарып жүрүп ушул атка конуп кеттим. Өзүмдү актёрмун деп эсептейм.
А.Т.: – Мен деле эсептебейм, өзүмдү куудулмун деп. Куудул деп муну жөн гана эл койгон. А биз катардагы эле актёр, актрисабыз да.

– Марат мырза, профессионал актёр катары айтсаңыз, азыркы чыгып жаткан кыргыз кинолоруна кандай баа бересиз?
М.Ж.: – Азыр кимдин колунда камерасы барлар жана жалкоолугу кармабай калгандардын баары кино тартып жатышат. Көп фильмдердин деңгээли төмөн. Учурдун «мен сага акча берейин, сен мени тарт» деген артисттери толуп жатпайбы. Кээде акча үчүн деңгээли төмөн кинолорго тартылгың келет, бирок тасманын сапаты начар болсо, тартыла албайм. Себеби биздин талап күчтүү. Бизге роль сунуштагандан да чочулашат.
А.Т.: – Ооба, акча табыштын айласында кино тартып жаткандар бар. Марат айтмакчы, профессионалдык көз караш менен караш керек. Анткен менен азыркылар «кайран кекиртек, далай жерге секиртет» болуп, билип турса да ошондой кинолорду тартышууда.

– Айтылуу Сакишти «Боз салкын», «Күкүк Шахра» тасмаларында эпизоддук ролдорду аткарып калганынан билебиз...
А.Т.: – Ооба, өзүм да айтып калам «мага «бегущая строкадагы» роль сунуштап калышат» деп. Сунуш түшсө, дареметиме жараша аткарып коём. Муну эми эл баалайт. Бизди куудул деп эле трагедияны ойной албайт дешет да. «Роль бербейсиңби?» десе, «ал чыкканда эл күлөт да» депчи.

– Чогуу жүрүп бири-бириңердин терс жактарыңарды билип деле калсаңар керек?
М.Ж.: – Айнуранын кемчилигин айтсаң эле дароо беттен алат, ха-ха...
А.Т.: – Негизи, кемчиликсиз адам болбойт. Мараттын кемчилиги – дайыма мени күттүрүп басып жүрөт. Өз убактысында келбейт.

– Бир кездери «Таңкы кат» деген берүүнү чогуу алпарып калчусуңар, ал берүү эмнеге жабылып калды?
М.Ж.: – Ал бизден көз каранды эмес экен. Ошол кездеги жетекчилик башкача берүү тартабыз деп жаап салышкан.
А.Т.: – Ооба, сонун берүү болчу. Эл күтүп көрчү. Башкача вариантта тартабыз, мындан да сонун болот деген максатта кошумча-алымчасын кылып жатып ал берүү ошол бойдон «прощай, Гульсары!» болду да.

– Адамдын адам экени кандай учурда билинет? Дегеним, чыгармачыл адамдардын ортосунда атаандаштык, көрө албастык күчтүү болот эмеспи...
М.Т.: – Атаандаштык ар бир тармакта бар. Ал эми биз эл көзүндөгү адам болгондуктан, биздики даана көрүнүп калат. «Тиги ажырашып кетиптир» десең эле «ээ, артисттер ажыраша берет да» деп коюшат. Эмне, мугалим, дарыгерлер ажырашпайт бекен? Адамдын сапаты бир жакшылыкта, бир жамандыкта билинет. Бизде сөз бар эмеспи «кимдин ким экенин Манас өлгөндө билдим» деген. Артисттерде «кимдин ким экенин гастролго чыкканда билдим» деген сөз бар. Гастролдо чогуу жүрүп, алардын терс сапаттарынын баарын билип каласың.
А.Т.: – Чын эле ошондой. Жөн эле жолдон баратып тайып кетсең, «апей, тиги Сакиш мас окшойт, басалбай жүрөт» деп ойлошот да. Адамдын адам экенин байлык менен бийликти берип кой, ошондо да билсең болот.

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Сакиштин турмушка чыкпай жүргөнүнө Бопуш күнөөлүүбү?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
elka_manas_kg
2012-09-03 10:52:16
silerge iygilik kaalaym,ar daim konulubuzdu kotorup juro berinizder.
0
maya666
2012-09-03 12:57:27
Сакиш эжени мен мындан 5 жыл мурун троллейбустан коргом, коздору аябай мундуу, ойлуу болчу. Чын эле Кучтуу,трагедиянын каарманын деле чегинен ашыра ойной алышат деп ойлойм. Ошон учун оз кесибинин профессионалдары да. Сиздерге дайыма чыгармачылык Ийгиликтерди каалайм!
0
nelli
2012-09-03 13:33:29
ийгилик сиздерге кыргыздын профессионал адамдарынансыздар. Бар болунуздар дайым
0
aku.ai
2012-09-03 15:16:49
iygilik sizderge!Ar-daiym kyrgyz elimin maanaiyn kotorup juro berinizder.
0
asemkiz
2012-09-03 17:18:04
ийгилик силерге кыргыздын профессионал кудулдары бар болунуздар бактылуу болунуздар
0
amalia
2012-09-03 19:23:51
ar dayim den soolukta bolunguzdar ui buloluk bakyt kaalayim
0
kg_girl1991
2012-09-03 20:53:13
Мага да ушул эки адам аябай жагат да. Кайда журбосун, жакшы маанай тартуулашат. Азаматсыздар! Сиздер менен биз сыймыктанабыз.
0
toma
2012-09-04 09:42:47
Сонун адамдарда! денсоолук, ишинеоге чооон ийгиликтерди каалайм!
0
dinaro4ka
2012-09-04 16:55:42
Дайыма бизге кулку тартуулап журо бериниздер
0
Bishkek
2012-09-04 17:32:23
igilik daiyma kyrgyz elime kulku tartulap juro bergile
0
rozaida
2012-09-05 12:17:19
Саламатсынар сиздер мага абдан жагасынар, Айнура эжеке сиздин жеке жашоонузда бактылуу болушунузга тилектешмин. Онорунор осо берсин, эл алдында алдынкылардан болуп журо бериниздер.
0
Tim79
2012-09-06 08:49:40
Бар болгула
0
Narynbek
2012-09-07 17:39:36
Аябай сонун актерлорда.Сакиш эжеге жеке турмушунда бакыт каалайм.Ар дайым элге кулку тартуулап журо бериниздер.
0
aote
2012-09-08 11:39:37
sakiw kata kiliptir.bobuwga,kareraga javiwip alvay,uy bulo kuruwu k.k ele...jal...
0
jibeka_foreve.live
2012-09-08 23:44:29
сиздерге ийгилик
0
№ 513, 31-август-6-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан