Ош шаарында 28-август күнү Казак Республикасынын консулдугу ачылды.
Кыргыз өкмөтүнүн расмий сайты www.gov.kg`ге хакердик чабуул жасалып, кайра калыбына келтирилди. Чабуулга тиешеси барларды таап жана жоопко тартуу тууралуу өтүнүч каты УКМК менен ИИМге жөнөтүлдү.
УКМК президент Алмазбек Атамбаевге жихад жарыялаган кыргызстандык 22 жаштагы жаран кармалганын билдирди.
Жогорку Сот УКМКнын экс-башчысы Мурат Суталиновду кайра эле үй камагында калтырды. Аскер сотунун токтомуна ылайык, териштирүү Суталинов толук айыккан соң гана улантылат. Анын дарылануусу 2013-жылдын июлунда аяктайт.
Өлкөнүн ар бир облусундагы фермерлерге 80 миллион сомдук 71 трактор 6 пайыз менен 7 жылдык мөөнөткө лизинг түрүндө берилди.
Сентябрь айында кыргызстандык бир канча компаниялар «Кытай-Евразия-2012» көргөзмөсүнө катышышат.
Кыргызстан коңшу мамлекеттерге жаратылыш газы үчүн 1 миллион 450 миң доллар карыз экенин «Кыргызгаз» ишканасы билдирди.
«Wikipedia» дүйнөлүк энциклопедиясында «Манас» эпосу тууралуу 25 тилде макалалар бар экенин аталган сайт өзүнүн маалымат булагына жазып чыкты.
Баткен облусуна караштуу "Көк-Таш" чек ара заставасынын аскер кызматкери Кутман Мааденбек уулу Төрт-Көл суу сактагычына чөгүп кетти. Мындай көрүнүш акыркы айда Баткен облусунда экинчи жолу кайталанып жатат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.