«Өкмөт кетсин» деген демилгени алгачкылардан болуп көтөргөн «Ата Мекен» партиясына НТС телеканалы түрмөдөгү Абдулла Юсупов аттуу жаран аркылуу маалыматтык чабуул жасады. Аталган телеканал өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановго таандык экени коомчулукка кеңири айтылып келет. "Ата мекенчилер" Бакиевдердин буюмдарын тоношкон, алар мародёрлор" деп айтып чыккан Юсуповдун интервьюсу үч күн бою аталган телеканалдан кайталанып көрсөтүлүп жатты. Эми ошол «баатыр» атка конгон Абдулла Юсупов ким? Бул соболдун арты менен Юсуповдун укук коргоо органдарындагы досьесине үңүлдүк.
2007-жылы Абдулланын шантажына кабылып, кийин ал тарабынан уурдалган Мураталы ажы Жуманов бул адамга «адам кейпиндеги шайтан» деп мүнөздөмө бергени тегин жерден эмес өңдөнөт. Кыскасы, Абдулла Юсупов 1982-жылы туулуп, ушул убакытка чейин 12 жолу ар кандай кылмыш боюнча сот жообуна тартылган экен.
Учурда «Ата Мекен» партиясынын бир канча депутаттарына талап-тоноочулук боюнча тергөө иштери башталды. Башкы прокурор Аида Салянованын айтымында, Абдулла Юсупов өзүнүн көрсөтмөлөрүн тез-тезден өзгөртүп жатат. «Айткандарын улам текшерип турууга туура келүүдө»,- деди Аида айым. Чын эле «ата мекенчилер» талап-тоноочуларбы же бул Бабановдун өкмөтүнүн атайын жалданган адамыбы?