Президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн отставкага кетүүсү тууралуу жарлыкка кол койгондон кийин чоң саясат майданында кайрадан Азимбек Бекназаров пайда болду. Азимбек мырза маалымат жыйынын өткөрүп, саясатка кайтканын жана оппозицияда болорун жарыялады. "Мага кызмат сунуштасаңар да барбайм. Мен оппозицияда болом, себеби бийликтегилер оппозициядан, коомчулуктан коркушат" деген Азимбек Бекназаров парламентти жана президентти кетирүү үчүн кыймыл түзүлүп, аны өзү жетектээрин да айтты. Саясатчынын пикиринде, түзүлгөн кыймыл жакын арада республика боюнча митинг-пикеттерди өткөрүп, парламент менен президенттин кетишин талап кылат. «Бабанов бизге кошул деген сунуш киргизсе эмне кыласыз?» деген журналисттердин суроосуна «жок дей албайм» деп жооп берди Азимбек мырза. Ушундан улам "Бекназаров оппозицияда Бабанов менен калабы?" деген суроо жаралат.
Ал эми Өмүрбек Бабанов мындан аркы кадамдары тууралуу азырынча айта элек. Бул маалымат жыйынында Азимбек Бекназаров Акаевдин учурунда премьер-министр болуп турган Николай Танаевдин жакында Кыргызстанга келем деп жатканын да кошумчалады.
"Мен башкы прокурор болуп турган маалда Беларуска Бакиевди Кыргызстанга кайтарып берүү үчүн бир нече документтерди жибергенбиз. Бирок "качан гана силердин бийлик легитимдүү болгондо бул ишти карайбыз" деп Беларусь тарап ишти жаап койгон.
Бийлик легитимдүү болду. Президентти шайладык. Эми Атамбаев Лукашенко менен сүйлөшүп, Бакиевди кайтарып алса болот. Лукашенко Курманбек Бакиевдин Кыргызстанда эмне кылганын толугу менен билбейт. Эгер биздин Башкы прокуратура ошол маалдагы видеолорду, сүрөттөрдү чогултуп, Беларустун Башкы прокуратурасына жөнөтсө, балким, Лукашенко кайра ойлонор. Бакиевдер менен кошо качып кеткен Данияр Үсөнов Казакстанда, Аскар Акаев Орусияда жатат. Путин менен Назарбаевди да сүйлөшүүгө чакырса болот",- деди "революциялардын бульдозери".