Көпчүлүктүн көңүл чордонунда жүргөн Жаныш Бакиевдин 26-август күнү Казакстандын Алматы шаарында уулу Искендерди үйлөнткөнү айтылууда. Жаныш мырза уулунун үйлөнүү тоюна катыша албай, жаш жубайларды видео аркылуу куттуктаган имиш. Ал мааракеге Кыргызстандан да бир канча аттуу-баштуу чиновниктердин барышканы айтылууда.
Кыргызстандын гана эмес, Интерполдун издөөсүндө жүргөн Бакиевдердин үй-бүлөсү ээн-эркин тойлоп, ушул күнгө чейин кармала электиги суроо жаратпай койбойт. Кыязы, мындай көрүнүштөр Бакиевдердин акыркы оюну эмес көрүнөт. Өткөн аптада Беларустун оппозициялык активисти Михаил Пашкевич Жаныш Бакиевдин Минскте жүргөнүн айтып, сүрөтүн интернет желелерине тараткан эле. Эки-үч күн өтпөй эле Пашкевич өзүнүн интернет баракчасына «Михаил, Сизге Бакиев мырзадан салам!» деген салфеткага жазылган кат алганын жазып чыкты.
Пашкевичтин билдирүүлөрүнөн кийин Апрель окуясынан каза болгондордун жакындары жана катышуучулары Бишкектеги Беларустун элчилигинин алдына «Жаныш Бакиевди мекенине кайтарып бергиле, эгер кайтарылбаса, элчилик жабылсын» деген талап менен митингге чыгып, элчиликти таш бараңга алышты.