Президент Алмазбек Атамбаев коалиция түзүү мандатын КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго тапшырган. Коомчулукту «Коалицияга кайсы партиялар кирет?» деген суроодон мурун премьер-министрликке ким келери кызыктырууда.
Чыныбай Турсунбеков коалициялык бүтүндүктү түзүү мандатын алар замат парламенттеги калган төрт фракция менен сүйлөшүү жүргүздү. Алгач «Ар-намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов менен сүйлөштү эле, ал партиянын коалицияга кирүүдөгү шарттарын айтып, КСДПнын лидери сунуштап жаткан техникалык өкмөттү түзүүгө макул эместигин билдирди. Техникалык өкмөт боюнча Куловдун пикирин «Ата Мекен» да колдоодо. Коалицияга кирүүгө «Ата Журт» кызыкдар болгону менен, премьерлик орун боюнча пикир келишпей, парламенттик көпчүлүккө кирбей кала турган абалда турушат. Коалицияга кирүү-кирбөө тууралуу алгач ачык кеп салбай жаткан "республикачылар" үч партия тил табышкан соң "Ата Мекен" менен бир коалицияга кирбейбиз" деп чыгышты.
КСДП 15 күндүн ичинде коалициялык биримдикти түзүп, өкмөт башчыга талапкерди алып чыгышы керек. Чыныбай мырза өкмөт башчылык кызматка фракциялардан сунушталган талапкерлердин аттарын жарыялады. Күтүлгөндөй эле КСДП Президенттик аппараттын учурдагы жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевди сунуштады. Буга чейин эки ирет өкмөттү башкарган Амангелди Муралиев, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев жана «Ата Журттун» лидери Камчыбек Ташиевдин да ысымдары аталды. Бул акыркы тизме эмес, мындан башка да талапкерлер сунушталууда. Белгилей кетсек, жогорудагы талапкерлердин эң улуусу Амангелди Муралиев 65 жашта, ал эми Камчыбек Ташиев талапкерлердин эң кичүүсү, 44 жашта.
«Республика» фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун пикиринде, мындай кырдаалда көпчүлүк фракциялар добуш берүү ыкмасы менен жеңип чыгууну каалашат. Мындай ыкма менен талапкерлерди аныктоо парламенттин тажрыйбасында бар. Акыркы жолу премьер-министрди тандоодо да коалициялык көпчүлүк Өмүрбек Бабанов, Нариман Түлеев жана Равшан Жээнбековго добуштарын беришип, Бабанов көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон.
Азырынча талапкерлер расмий түрдө бекитиле элек. Ал үчүн алгач коалициялык биримдик түзүлүш керек. Гезит басылууга кетерде "Ата Мекен", КСДП жана "Ар-намыс" бир союзда болору белгилүү болду. Ал эми "Республика" менен "Ата Журттун" айрым депутаттары парламенттик көпчүлүккө кирүү ниетинде турушат.
Кандай гана жол менен тандалып алынбасын, өкмөт башчылык такка ким келбесин, бул ирет премьер-министрди кыйын кезең күтүп турат. Бул өкмөттү чуу менен ээрден оодарган парламент да, акыркы сөзүн айтып, өкмөт башчыны тандоодо чоң роль ойной турган президент да, "Ата Мекен" партиясы да жакшы ойлонор деп үмүт эте туралы. "Ата Мекенди" өзүнчө бөлүп көрсөткөнүбүз да бекеринен эмес. Ал – авторитардык режимге бөгөт коюунун бирден-бир жолу деп башкаруунун парламенттик түрүн өлкөбүзгө алып келген партия. Парламенттик өлкөдө спикер менен өкмөт башчынын таасири күчтүү болуш керек эле. Таасирдүү парламент башчысын кайсы бир катасы үчүн ээрден оодарып, ордуна башкарууга, таасир этүүгө ылайыктуу төраганы шайлашты. Кыска убакыттын ичинде саясатта чоң фигурага айлана алган өкмөт башчы да ошондой тагдырга туш болду. Эми саясаттан алыс техникалык өкмөт түзүүнү сунушташууда. Мындай жол менен бара берсек, бардык бийлик президенттин колуна топтолгон күнгө кандайча барып калганыбызды да аңдабай калышыбыз мүмкүн. Кошумчалай кетсек, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери 24-премьер-министр шайланганы турат.