– Кандайсың, Гүлжигит? «Евразия жылдызында» жаркырап жангандан кийин эле эс алып бүтпөйсүң, катуу чарчагансың го?
– Сынактан соң айылдаштарыма барып түлөө өткөрүп, батасын алып келдим. Жайлоого чыгып кымыз ичип, ат минип, таза абадан кере дем алып эс алдым. Анын үстүнө быйыл жогорку окуу жайды аяктап, диплом колго тийди. КМКТАУнун Жаңы технологиялар институтунун информатика жана экономика бөлүмүн аяктадым. Айылга барып жөн гана эс албастан, жакшы наамдарга да ээ болуп кайттым.
– Эмне болгон сыйлык?
– Өзүм төрөлгөн Ак-Муз айылынын элинин демилгеси менен «Ак-Муз айылынын ардактуу атуулу» деген наам ыйгарып, сүрөтүм түшүрүлгөн күбөлүк беришти. «Нарын облусунун ардактуу атуулу» деген наамды Нарын облустук администрациясы чакырып, салтанаттуу түрдө тапшырды.
– Куттуктайбыз! Маданият министрлигинен кайсы бир наамга көрсөтүлдүңбү?
– Жок, эч кандай наам берүү тууралуу сунуш түшө элек. Чынын айтсам, диплом да ала элекмин.
– Жогоруда айтылган наамдарды алгандан кийин өзүңдү дагы бир тепкичке көтөрүлгөндөй сезип калсаң керек...
– Андай деле болбоду. Болгону, ата-энемдин ошол маалдагы кубанычы мени бир эмес, андан да жогорку тепкичке көтөрдү.
– «Гүлжигит «Евразия жылдызы» болгондон кийин өзгөрүп, күйөрмандарын үстүртөн карап калды» деген сөздөр айтылууда. «Курсуңду» чын эле көтөрүп жибердиңби?
– Туура эмес айтылган кеп. Ар кандай учурлар болот, кээде шашып жатканда күйөрманыма кол тамга бергенге үлгүрбөй калышым мүмкүн. Ошондон улам эле «керсейип калыптыр» деген сөздөр чыкса керек.
– Продюсериң менен таарынып, кайра элдешкениңерге эмне себеп болду?
– Мен продюсерим менен эч кандай урушуп-талашып, таарынышып кетпедим. Болгону, өзүмдүн жумуштарым менен жайдын бир топ убагында өзүнчө болуп калгандыктан, ушундай сөздөр чыкты. Экинчиден, интернет булактарында менин атымды жамынып Гүлжигит Калыков болуп жүргөндөр көп. Бир жолу Канат байке экөөбүз чогуу отуруп алып эле ал колдонуучулар менен аябай урушканбыз. Ошондон улам да «Канат Култаев Гүлжигит менен урушуп жүрөт» деп кеп таркатып жиберишиптир. Ошентип, интернет колдонуучулары продюсерим менен уруштурушту. Ал элге бат эле тарап кетти.
– Жылдыздардын популярдуулугу жогорулаган сайын ставкалары да көтөрүлөт. Алгач канча суммага ырдаганың эсиңдеби?
– Акча тууралуу көп сөз кылбайбыз. Эң биринчи жолу мектеп жашында тойго барып ырдап берсем, кыстырма кылып беришкен. Ошол акчага мектепке керектүү курал-жарактарды алгам.
– Айрым ырчылар өздөрү обон жаратып, ыр жазып жүрүшөт. Сенде мындай талант жокпу?
– Мектепте окуп жүргөндө ырдын сөзүн, кийин обон да жазып көрдүм. Бул талантымды ата-энеме жана продюсериме бир обон аркылуу көрсөткөм. Бирок чийкирээк болгондуктан, жакшылап бышырып жатам. Талант демекчи, кичинекей чагымда сүрөт жакшы тартчумун. Азыр бул өнөргө көп маани бербей калдым.
– Интернет булактарына «бул Гүлжигиттин сүйгөнү» деп сулуу кыздын слайд-шоулорун чыгарып жатышат. Чынында эле сүйгөнүң барбы же пиар үчүн атайылап жасалган ишпи?
– Учурда мындай видеолор популярдуу болуп кетти. Жеке эле мен эмес, көп сахналаштарым ушундай абалга кабылып жатышат. Балким, ошол кыздар биз менен сүйлөшкүсү келет же досторуна мактаныш үчүн да жасап коюшат окшойт. Мындай видеолор менен пиар жасоого барбайм. Биздин чыгармачылыгыбыздын баары Канат байке аркылуу ишке ашат. Ал эми продюсерибиз андай ишке барбайт го. Учурда сүйгөн кызым жок. Себеби кыздар менен таанышып, сүйлөшүүгө убактым тар. Бош убактыбызда машыгуу залдарына барабыз. Артыкча быйыл сынакта жүрдүм, анан диплом жактоо менен алек болдум.
– Таптакыр эле кыздар менен сүйлөшпөйм дегениңе ишенген жокмун...
– Албетте, адам болгондон кийин сүйлөшөсүң. Мектепте, студенттик кездерде болгон. Бирок ачуу сүйүүгө кабылып көргөн эмесмин. Ачуу дегеним, ал сүйүү үчүн жапа чегип, кыйналып же дагы бир жоруктарга барган учурлар.
– Мындай деп коёлу, эгерде Канат мырза экөөңөргө бир кыз жагып калса кантесиң?
– Бир кызды сүйүп калбайт болушубуз керек. Андай болбой эле койсун, эгерде жашоо бизге ушундай тамаша салса, Канат байкеге жол бошотуп бермекмин.
– Сүйүүң үчүн күрөшпөйт турбайсыңбы?
– Кандай болбосун, улуу адамдын жолун торобойт болчумун.
– Күйөрман кыздарың көп. Эгер ошондой сен үчүн баарына даяр бир кыз сенден балалуу болом деген суранычын айтса эмне кылар элең?
– Менден балалуу болгусу келген кыз менин болочоктогу келинчегим болуш керек. Эгер ал кыз жубайым болууга макул болсо, албетте, балалуу болууга аракет кылам.
– Сенин №1-душманың тойго чакырса ырдай бересиңби, эгерде продюсериң менен сүйлөшүлсө?
– Азырынча душманым жок. Кыргызда жакшы кеп бар «таш менен урганды аш менен ур» деген, анын сыңарындай, душманым болсо деле тоюна барып ырдай берем.
– Чоң бир сынакты майтарып, жеңиш менен келдиң. Эми дагы кайсы сынакты багындырайын деген ой бар?
– Сынактарга катышууга ар убакта даяр турууга аракет кылабыз. Бирок муну менен ар бир жарыяланган сынакка катыша берүү да туура эмес. Ырчылардын өзүнүн ырдоо стили, форматы болот, эгерде жарыяланган сынак мага ылайык болсо катышам.
"МЕНИ БАЙЛЫК ӨЗГӨРТПӨЙТ"
– «Эркек бул – ...» деген фразаны кандайча уламак элең?
– Эркек бул – үйдүн башы, жоокер, ата деп уламакмын.
– Клубдарга эс алууга барасыңбы?
– Жок, андан көрө телевизордун алдында отуруп эс алуу артыгыраак.
– Жаш акындардын ырын деле ала бересиңби же мыкты жазган, белгилүү акындарга кайрыласыңбы?
– Текст мыкты болсо ала берем.
– Адабий китептерди окуйсуңбу?
– Ооба, апам мугалим болгондуктанбы, айтор, китеп окуганды жакшы көрөм.
– Пенсияга чыкканда эмне менен алек болоруңду ойлонуп көрдүң беле?
– Ал жөнүндө толук ойлоно элекмин, убактысы келе берсинчи.
– Акчаңдын көбүн эмнеге коротосуң?
– Кийим-кечек сатып алууга, тамак-ашка жана бирдикке коройт.
– Байлык сени өзгөртө алабы?
– Канчалык адам жөнөкөй болсо, ошончолук зоболосу бийик болот. Мени байлык өзгөртпөйт.
– Ырчы болуу үчүн өң-келбет роль ойнойбу?
– Кайсы бир учурда ойноп калат.
– Телефонуңдун номерин бат-бат алмаштырасыңбы?
– Продюсер менен иштеше баштагандан тарта 4 жолу алмаштырдым.
Бахияна Сатылганова
(Айрым сүрөттөр Гүлжигиттин өздүк архивинен алынды)
star@super.kg