БАЛАНЫ МЕКТЕПКЕ ДАЯРДОО КАНЧА ТУРАТ?

Жакын таанышым телефон чалып «балдарга базарлык кылып келдим. Быйыл баары кымбат. Эки балама өп-чап кийим кылганымда эле капчыгым жукарды. Эми окуу куралдары калды...» деп кейиди. Чындыгында, бир баланы мектепке толук даярдоо канча сомду чапчыйт?

Окуучулар үчүн жарымы жүндөн (полушерсть) жана пахтадан согулган кездемелерден тигилген кийимдер ылайыктуу. Анткени бул кездемелер жеңил, чычылбайт жана жууганда бат кургайт. Арзан, синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер жаз-күз мезгилдеринде ысык тартып баланы тердетсе, кышкысын суук тартары белгилүү.

Дептер тандоодо барагынын калың-жукалыгына караңыз. Учурда жука барактуу дептерлер да сатылууда. Алар бир аз ныгыра басып жазганда эле тешилип каларын эске алыңыз. Калем сап аларда эринбестен капкагын ачып чиймелеп, жыттап көрүп албасаңыз, сыясы жагымсыз калем саптар да сатылууда. Башталгыч класстардын окуучуларына сырты үч кырдуу же кармай турган жерине желим кадалган шариктүү калем саптар ылайыктуу.

15 жашка чейинки окуучулардын артка асынма сумка (рюкзак) көтөргөнү эле оң. Бул баланын тулку боюнун кыйшайбай түз өсүүсүн жана туура басуусун шарттайт. Рюкзактын арткы бөлүгү катуу жана далынын тердеп кетпөөсү үчүн аба өткөрүүчү материалдан тигилүүсү шарт. Сумканын тигиштерине да көңүл бөлүңүз. Анткени эптеп тигилген сумка мектептеги окуучулардын жөөлөшүүсүнөн бат эле жыртылып калуусу мүмкүн. Мындан сырткары караңгыда жалтырап күйүп турчу кездемеден кыюу салынган сумканы тандаганыңыз туура. Мындай кыюу караңгыда келе жаткан баланы жол кырсыктарынан сактайт. Балаңызга сумканы сатып берип гана тим болбостон, туура көтөрүүсүнө жана салмагына көз сала жүрүңүз. Сумканы белден 10 сантиметр жогору көтөрүү керек. Ошондой эле далыга толук тийип турушу шарт. Ал эми оордугу баланын салмагынын 10 пайызын гана түзүүсү шарт. Мисалы, башталгыч класстардын бир китебинин салмагы 300 граммга барабар. Күн тартибиндеги предметтерге карап китептерин салып бербесеңиз, алардын ашыкча нерселерди салып алуусу кадимки көрүнүш.

Көпчүлүк мугалимдер окуучуларга жумшак материалдан жасалган пенал алууну сунушташат. Анткени темир пеналдарды сабак учурунда ачып-жабууда башкаларга тоскоолдук жараларын айтышат.

Мына, окурман, бир баланы мектепке даярдоого, арзанына качырып алып бергенибизде эле 5000 сомдой акча сарпталат экен. Мындан сырткары ата-энени алдыда мектептеги кошумча төлөмдөр жана айрым жетишпеген китептерди сатып алуу түйшүгү да күтүп турары белгилүү. Бүгүнкү күндө окуу китептерин борборубуздагы жер өткөөлдөрдөн 250-500 сомго сатып алууга болот экен. Баарын эсептеген соң «бир үй-бүлөдөн 2-3 баланы мектепке жөнөткөн ата-эне баарына кантип жеткирет болду экен?..» деген ойго кептелет экенсиң.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

МЕКТЕПТЕГИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫ СИЗДИ КАНААТТАНДЫРАБЫ?

Гүлшайыр Садыбакасова,
КРнын Эл артисти:
– Мени канааттандырбайт. Баламды эң мыкты делген мектепке бердим эле, алган билими көңүлүмө толбой, чет элдик лицейге өткөрдүм. Акча табыш үчүн мугалимдер эки-үч жерде иштеп, физикалык жактан жетишпей, баланын билим алуусуна кайдигер мамиле жасашууда.

Данияр Сагынбаев,
ЖОЖдун окутуучусу:
– Биздин өлкөдө барган сайын билим төмөндөп баратат. Буга кадрлардын жетишсиздиги себеп. Айрыкча кыргыз, орус тили сабактарынан күчтүү адистер жок. Мындан улам сабатсыздык келип чыгууда. Анан мугалимдердин маянасынын аздыгы да буга себеп.

Нургүл Жумалиева,
мугалим:
– Шаарлардын, айрыкча Бишкектин мектептери берген билим канааттандырарлык дегенге толук мүмкүн. Ал эми алыскы айылдарда адистердин жетишсиздигинен улам билим берүүнүн сапаты начар. Жалпы республикалык тестирлөө буга мисал боло алат.

Кенжебек Кыязов,
инженер-программист:
– Канааттандырбайт. Азыр көп сабактардын сааты кыскарып кетиптир. Эң керектүү математика, физика сыяктуу сабактардан адистер жетишсиз. Анан да мектепте иштеп жаткан жаш мугалимдердин көпчүлүгү сырттан окуп диплом алгандар. Алардын деңгээли талапка ылайык эмес.

Жаркынай Токтобекова,
окуучу:
– Менимче, окуучунун билимдүү болушуна мектеп же мугалимдер эмес, окуучу өзү кызыкдар болушу керек. Эгер көңүлү жок болсо, канчалык күчтүү мектеп, лицейде окуса деле билими тайкы болот. Андыктан ар бир окуучунун өз кызыгуусу керек.

Сыймык Бейшекеев,
КРнын Эмгек сиңирген артисти:
– Балдарым окуп жаткан мектептин билим берүүсүнө канааттанам. Бирок элет жергесинде билимдин сапаты начар. Айрым мугалимдер кызуу абалында да сабак өтүшөт экен. Мектеп билим гана эмес, татыктуу тарбия да бериши керек.

Клара Алибекова,
ырчы:
– Азыркы билим берүүнүн сапаты мени толук канааттандырат. Нааразычылык жок. Балам катардагы мамлекеттик мектепте эле билим алууда. Билим деңгээли жакшы. Башка мектептер деле татыктуу билим берсе керек.

Салтанат Мукасова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
kamarik
2012-09-03 13:43:55
айлык аз болсо ким иштемек эле,,акылдуу жаш специалистер чет олкого кетип жатышат,анан слабыйлары окутуучу болуп жатышат
0
Kubanychbekkagan
2012-09-03 14:56:27
Мектептеги билимдин сапаты ото начар. Ой жугуртуулору томон окуучулардын. Буга себеп болуп жаткан биринчиден адамдык абийир акчага байланып калганында. Ал эми алдыдагы жылдарда батыштын системин бизге киргизебиз деп, окуу сааттарын кыскартып жатат министр мырза. Эгер ал систем кирсе, келечек муундун ой жугуртуусу токтолуп, манкуртка айланат да, еврейлердин капчыгы учун иштеп калат кара жумушта. Бул еврейлердин дуйнону башкаруу пландарынын бири.
+1
merim
2012-09-04 01:52:56
БИлбейм биздин Эшмамбетовдун мугалимдери мыкты!!!КАра кулжа району!ОКуткан окуучулары кудайга шугур!!!
+3
realliver
2012-09-04 11:32:33
Бизде билим беруу ото эле томон. Буга бир мисал: СТС каналындагы "самый умный" беруусундо младший лигадагы 10-11 жаштагы балдары, биздин жада калса студенттерибизден кыйын жооп беришет. А КТРде болуп жаткан "акыл ордо" беруусундо 10-11 класстын, болгондо да Бишкектин эн кыйын делген мектептеринен кеишкен окуучулар жонокой суроолорго жооп бере алышпайт.
0
dinaro4ka
2012-09-04 20:39:01
Бул окуучунун озунон зависит этет, окууйм деген бала бардык жерде кандай шартта болсо да окууп кетет, ученыйлардын бардыгы эле кем багал уй болодон чыгышкан.
бул адамдын озунонго.
0
kuba_kg
2012-09-05 06:08:10
ото еле начар
0
elif
2012-09-06 12:17:03
balaga kimbat kiyim alganga cheyin,jakshi vitaminduu tamaktardi tandap,sapattuu jey turgan nerselerdi alip berish kerek,anan bala jakshi okuy da,sapattuu kiyim menen bilimi sapattuu bolboyt,albatte chontogun kalin bolso kiyimi da tamagi da sapattuu bolso kanday sonun
0
Argymak
2012-09-07 02:06:18
Айлан чойро кандай болсо.
Баланын да писхологясы ошого жараша осот.
Ал эми азыр мугалим жетишиз деп.
Физиги Фискултирниги.
Кыргыз Тил адабияты Орус Тил Адабиятарын бир эле Мугалим окутуп да жатпайбы. Озу
Физк болуп алып Ушулады да отуп жатса кандай билим болсун.
0
Sherik200992
2012-09-08 07:19:13
Бизде мугалимдер: "бала ушунча окууду, эми буттуп алсын"- деп, окуучуга жакшылык кылайын деп, тескерисинче мугалимдер ото чон каталыка жол койуп жатышат. Андан коро улгу кылып ошол окуучуну класстан калтырып койсо, кийинки окуучулар класстан калышты эч кимиси каалабайт да, алдыга умтулушат. Билбейм мугалимдер окуучуларды ойлойбу же оздорунун ордунбу? Канаатандырарлык эмес...
0
aidinaernur
2012-09-24 00:35:00
Айлык маянасы аз бут мугалимдер четте журушот анан кайдагы канааттандырарлык билим
0
№ 513, 31-август-6-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА