КАРА ТАШТАРДЫН СЫРЫ

Жомоктор казынасынан

Илгери-илгери өткөн бир заманда жеткен ач көз, ичи тар, элине жакшылык каалабаган Көмүр аттуу хан жашаптыр. Ал элдин оокатын өзүнө тартып алып, калкты ачка калтырчу экен. Бир жылы кыш узак болуп, элдин жегенге тамагы, киерге кийими жок калат. Коломтодо жанган жалгыз гана очок аларга эрмек эле. Ошондой күндөрдүн биринде Көмүр хан боз үйлөрдөн чыгып жаткан түтүндү да кызганып, жигиттерине:
– Бул жердеги бак-дарактардын баары меники, демек, отундар да меники! Бүгүнкү күндөн тарта кимде-ким менин отунумду жагып түтүн булата турган болсо, үйүн өрттөп, күлүн сапырып кеткиле!- деп буйрук берет.
Хандын бул жоругун уккан айылдагы бир кары адам уулун чакырып:
– Чырак балам, тиги ашуунун оң тарабында, үңкүрдүн капталында бир булак бар. Ошол булактын жээгинен кара таштарды табууга болот. Мергенге чыгып жүргөндө ошол таштарды тутантып, от жакчу элем. Сен ошол таштарды терип келип, элиңе тарат,- дейт.
Атасынын айтканын эки кылбаган Чырак ашуу ашып, жол басып, айтылган кара таштарды таап, элге жашыруун таратып берет. Карыянын кара таштары чындап эле алоолонуп күйүп, үйдүн ичин жылытып, элди кубанычка бөлөйт. Бирок үйлөрдүн түндүгүнөн чыгып жаткан түтүн хандын ачуусун келтирет. Анан ал жигиттерин кайрадан чабуулга жиберет. Жигиттер отун эмес, кара таш күйүп жатканын көрүп, аң-таң калышат да, ханга айтып келишет.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Салтанат Мукасова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jan89
2012-09-12 01:52:22
мм... кызыктуу экен,уландысын созсуз кутом!
0
№ 514, 7-13-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан