Вирус деп мурда тирүү жандыктардын организминде инфекциялык ооруларды козгоочуларды түшүнүп келгенбиз. Компьютерлешкен заман менен вирус сөзү электрондук техника дүйнөсүнө да өтүп, компьютердин эң негизги душманы болуп калды. Акыркы жылдары компьютер менен тең тайлашкан «акылдуу телефондордун» (смартфон) пайда болушу менен вирустар телефондорго да чабуул жасай баштады. Массалык түрдө жайыла элек болсо да, далай телефон ээлери зыян тарткан учурлар жок эмес. Мына ушул зыянкеч тууралуу сөзүбүздү төмөндө уласак.
УЮЛДУК ТЕЛЕФОН ВИРУСУНУН ТАРЫХЫНАН
1999-жылы Ливанда «Чернобыль» деген аталыштагы вирус пайда болду, ал уюлдук телефондорду иштен чыгарат экен» деген ушак тараган. Бирок эч кандай вирус болгон эмес. Ал эми 2000-жылы Испания, Япония жана Германиянын интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар телефон колдонуучуларынын интернетте онлайн режиминде иштеп жаткан телефондору өзүнөн-өзү чалуу аткарган. Бул алгачкы вирустук чабуул эле.
Мындай чабуулдардан кийин антивирус чыгаруучулар өз ойлорун айтышкан. Антивирустук программаларды иштеп чыгуучу Касперский лабораториясынын жетекчиси Евгений Касперский 2003-жылы интернет-журналдардын бирине берген маегинде «уюлдук телефондорго карата вирустарды чыгара алышпайт, себеби телефондук вирустар алсыз. Бирок келечекте смартфондорго чабуул жасалышы мүмкүн» деген сөзүн айткан.
КАСПЕРСКИЙГЕ ЖООП...
Касперскийдин сөзүнөн кийин, тактап айтканда, 2004-жылы 14-июнда аталган лабораториянын электрондук дарегине вирустарды коллекциялаган жана вирустарды ойлоп табуучу Вирус Бастер аттуу испандыктан кат келген. Каттын ичинде caribe.sis. деген аталыштагы файл болгон. Файлды текшергенде Симбиан (Symbian) оперативдик системинде иштеген телефондорго чабуул коюучу вирус экендиги аныкталып, алгачкы телефондук вирус катары таанылган. Вирусту автор блютуз аркылуу жайылтууга ылайыктаган жана аталышын «Кабир» («Cabir») деп атаган. Аны Францияда жашаган жана вирустарды түзүүчү, дүйнөгө белгилүү «29А» группасынын мүчөсү, Валлез деген каймана ат менен таанылган адам түзгөн.
Мындан кийинки чыккан вирустардын саны миңдеп саналат. Алардын ичинен негизгилери жана өтө коркунучтуу деп саналгандары «сөөлжан» жана «троян».
2006-жылдын февраль айында «RedBrowser» аталышындагы жаңы «троян» вирусу пайда болот. Мурда оперативдик системи Симбиан, Виндоус (Windows) менен иштеген «акылдуу телефондорго» гана чабуул жасалса, эми ал жөнөкөй делген Жава (JAVA же J2ME) платформасында иштеген блютузу жана интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар телефондорго да чабуул жасай баштаган.
Телефон вирустарынын иштери
Вирустардын жайылышынын себептери
Вирус телефонго кайсы жолдор менен кирип кетет?
Вирустун негизги жайылуу жолу – блютуз. Блютузу ачык калган телефондор жанында өтүп бараткан башка телефондон жуктуруп алат. Мисал катары, жеңил атлетика боюнча Финляндиянын Хельсинки шаарында дүйнөлүк чемпиондук өтүп жаткан учурда стадиондо отурган күйөрмандардын арасында «Кабир» вирусу массалык түрдө көз ачып-жумганча тарап кеткен. Вирустарды жоюуга жергиликтүү «Ф-Секюр» антивирустук компаниясынын адистери чакырылган жана алар 20 өлкөдөн келген күйөрмандардын телефондорун вирустан тазалашкан.
Вирус жуккандагы белгилер
КАНТИП ТАЗАЛОО КЕРЕК?
Телефонду компьютерге туташтырып, антивирустук программанын жардамы менен өчүрүүгө болот. Өз алдыңызча өчүрүүгө мүмкүн болбосо, анда тейлөө борборунун адистерине кайрылыңыз.
Учурда Симбиан, Андроид, Виндоус оперативдик системи орнотулган «акылдуу телефондорду» вирустардан коргоо үчүн ондон ашык атайын антивирустук программалар бар. Алар вирустардын чабуулунан сактайт. Мындай программаны интернеттен бекер эле көчүрүп, телефонго жүктөп алсаңыз болот. Бишкектин телефон сатуучу жайларында антивирустардын баалары 1000-1300 сом турат. Ошондой эле аталган жайлардан вирусту 200 сомго тазалап беришет.
Вирусту жуктуруп албайын десеңиз...
СӨЗ СОҢУНДА
Жогорудагы коргонуу жолдору 100 пайыздык кепилдик бере албайт. Бирок вирусту жуктуруп алуунун коркунучун төмөндөтөт. Уюлдук телефондордун вирустары азыркы тапта өнүгүү жолунда баратат. Азырынча айрым бир аймактарда жайылып, өтө чоң күчкө ээ болбогондуктан, ошол жерден эле жок кылынып жатат. Бирок алдыдагы жылдарда өтө коркунучтуу вирустардын пайда болору турган иш. Анткени дүйнө жүзү боюнча уюлдук байланыш кызматын колдонгон 5 миллиардга жакын абонент бар. Мына ушундан пайдаланып, баарына эле белгилүү болгондой, антивирус чыгаруучу компаниялар эки топко бөлүнүп иштешет. Бири вирус чыгарса, экинчи топ антивирус чыгарып сатуу менен алектенип пайда табышат.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg