Азамат Бараков, балбан: «ЖҮЗГӨ ЖАКЫН ТРЮКТАРДЫ ЖАСАЙМ»

«Алыстан аты угулат, жанына барсаң бир киши» демекчи, кеңсебизге баш баккан арык чырай, орто бойлуу Азамат Бараковду көрүп, «чиркешкен унааларды тиши менен сүйрөйт» деген кеп жалганбы деген ой жаралды.

– Азамат, экөөбүздүн жолукмагыбыз оор болду окшойт. Бирде Бишкекте, бирде дагы башка жерде жүрдүң...
– Борбор шаарыбызда кол өнөрчүлүк менен иштеп келем. Айылга майрамдарда же жумуш болуп калганда эле келбесем, көпчүлүк учурда Бишкекте болом. Ошол себептен сиздерге келе албай жаттым.

– Кел, жакындан таанышалы, «өнөрүң болсо өргө чап» дечү беле...
– Жашым 22де. Унаа сүйрөйт десе эле элдин баары чоң кишини элестетет окшойт. Салмагым – 63 килограмм, боюм – 178 сантиметр. Чоң таятам баатыр киши болгон экен. «Эр тайын тартат» дегендей, мендеги өнөр Бөрү таятамдан өткөн окшойт. Трюктарды жаңыдан жасап келе жатканда апам абдан каршы болуп, коркуп жүрдү. «Ден соолугуңа зыян» деп улам-улам телефон чалып эскерте берчү. Окуучу кезимде эле кол күрөш боюнча эч ким алдыма чыкчу эмес. Бир жолу арыкка тыгылып калган арабаны көтөрүп чыгаргам. Ошондон кийин ушул сыяктуу иштерди жасагым келип калды. Алгач трюктарды жасап жатканда түш көрүп жаткандай сезиле берчү. Эгерде менде табияттан берилген талант болбосо, мынчалыкка жетише албайт элем. Башында жаңгакты тишим менен чагып, топ гезитти айрысам, учурда жүзгө жакын трюктарды жасай алам. Кадимки көмөчтанды камырдай ороп, күйүп жаткан, жанчылган айнектин үстүнө жатып, үстүмө беш киши көтөрө алам. Эң оору же күчтүүсү катары – эки жакка жүрүп бараткан эки автоунааны колум менен токтотконум деп эсептейм. Жаңы жылда, Каракол шаарынын борбордук аянтында жасагам.

– Кароо-сынактарга катышып жатасыңбы?
– Ал чөйрөгө аралашканыма бир гана жыл болду. «Кыргызстан – менин таланттарым» деген сынакка катышып, 1-2-турунан өткөм. Эми жакын арада финал болот. Ошого жаңы трюктарды көргөзүүгө даярданып жатам. Чет өлкөгө баруу – максаттарымдын бири. Орусияда болуп жаткан «Даңк мүнөтү» сынагына барууга каражат жетишпей, жоктон көрө жогору деп видео жөнөткөнбүз. Азырынча жооп келе элек.

– Сени таластык Ташчайнар менен бирге иштейт деп уктук эле...
– Ооба, башында Ташчайнарга кошулуп, эл алдында трюктарды жасаганбыз. Андан кийин мен өзүнчө болууну чечтим. Ал азыр өзүнчө окуучуларды үйрөтүп жатыптыр. Мен болсо күн сайын жаңы трюктарды үйрөнүп, жаңылык киргизүүгө күчүмдү жумшап жаткан учурум. Мындайча айтканда, Ташчайнар экөөбүз атаандашып иштеп жатабыз.

– Кепти үй-бүлө жаатына бурсак...
– Үй-бүлөдө төрт бир тууганмын. Былтыр 31-декабрда үйлөнгөм. Буюрса, жакын арада ата болуу бактысын чыдамсыздык менен күтүп жатам.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
rozaida
2012-09-10 19:41:08
Ким ишенсин сырткы кебетеси кадимки, жонокой адамдарга еле окшош экен. Баатыр десе эле зоот адамды элестетсем керек. Азамат ийгилик каалайм.
Мындай болсо ар бир адам баатыр болгонго мункунчулугу барго.
0
AFRODITA-89
2012-09-11 23:40:07
ой тобоо кейпинен андай деле корунбойтго азамат жигит экен таланты ташкындай берсин!
0
Almaz-93
2012-09-14 20:33:26
мына ушундай балбандарды спорт жаатында коп пайдасы тийсе керек
0
Taalaibek.
2012-09-15 18:42:50
Кайсыл жерден болду экен?
0
№ 514, 7-13-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан