Таластагы «Айкөл» бейөкмөт уюму жаш лидерлерди даярдап, адамдардын укугун коргоп жана шайлооого таптайт. Акыркы 6 жыл ичинде чет өлкөгө бакыт издегени кеткен мигранттар менен тыгыз иштешип келет. Чындыгында, акыркы тапта кулчулуктун торуна кабылгандар бар. Мунун баары элдин миграция тууралуу түшүнүгүнүн аздыгынан улам. Ушул себептүү «Айкөлдүн» алдында чет мамлекеттерге чыкканга кеңеш берүүчү «189» түйүнү түзүлгөн. Чет элге жумуш издеп барууну ойлогон ар бир атуул аталган номерге чалып, өз укугун билип алса болот.
2012-жылдын январынан тарта бүгүнкү күнгө чейин аталган түйүнгө 600дөн ашык адам кайрылган. Негизи, 2012-жылы чет өлкөгө жумуш издеп кеткен Талас облусунун 45 жараны түрдүү себептер менен кулчулукка кабылгандыгы аныкталган. Атап айтсак, Манас районунун Покровка, Май жана Кызыл-Жылдыз айылдарынан, Бакай-Ата районунун Өзгөрүш, Наматбек айылдарынан, Талас районунун Арал, Кара-Суу, Көк-Ой айылдарынан.
Алар адам сатуу курмандыгынын тизмесине киргизилип, эл аралык миграция уюму тарабынан бардык жардамдар көрсөтүлгөн. Ушул иштердин баарында «Айкөлдүн» салымы да бар.
«КУЛДАЙ БЕКЕР ИШТЕП КЕЛДИМ»
Сыртта иштеп акча таап келем деп аз жерден кулчулукка байланып кала жаздаган Манас районунун тургуну И.Б. көргөн кордугун төмөнкүчө сүрөттөйт.
– 2012-жылдын февраль айында айылда бейтааныш адамдардын Казакстанга курулуш иштерине жумушчуларды топтоп жатканын угуп калдым. Тааныш балдар болуп барып, аларга жолуктук. Ошентип, алар менен сүйлөшкөн соң 16 адамдын бири болуп ишке мен да жазылып, акыры жөнөп кеттик. Казакстандын Чымкент шаарына бардык.
Аянты 250 миң гектар жерди ээлеген заводду тегерете тосмо кура баштадык. Барганда ар бирибизге 4 миң теңгеден берип, калган айлыкты айдын аягында толугу менен беребиз дешти. Иштегендердин арасында өзбектер да бар болчу. Суткасына 12 сааттан иштеп жаттык. Жашаган шартыбыз да, тамагыбыз да өтө начар. Төшөнчүлөрүбүз кир, күн болсо ызгаар суук. Ошентип, ден соолугубуз талкалана баштады. Ушинтип акча таппай эле койдум деп баарына кол шилтеп, үйгө кайтмакчы болдум. Кожоюнга акымды толугу менен бер деп талап кылдым. Акча бермек тургай кожоюн мени сабатып туруп, кубалап жиберди. Менин эсебим боюнча 60 миң теңге алмак элем. Акыры азап-тозокту көрүп, кулча бекер иштеп, жүдөп, араң дегенде айылыма келдим.