31-августта Борбордук Азия Университетинин Нарын кампусунун эл аралык үлгүдөгү спорт курулуштарынын, тагыраагы, футбол талаасы менен эки теннис кортунун ачылыш аземи болду. Ага өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков, Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев, «Ага-хан» өнүктүрүү уюмунун өкүлү Нуржехан Мавани айым, БАУнун башкы директору Богдан Кравченко катышты.
Курулган футбол талаасы Эл аралык футбол федерациясы ФИФАнын стандарттарына туура келет. Теннис корту да эл аралык талаптарга ылайык жасалып, жалпы чыгым 100 миң долларды түзгөн.