ҮЧ МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫ ЧАТЫРДА ОКУП ЖАТЫШАТ

Нарын облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков өз дубанында жайгашкан үч мектептин окуучулары чатырда билим алып жатышканын билдирди. Алар – Ак-Талаа районундагы Кызыл-Белес, Кочкор районундагы Молдо Кылыч жана Жумгал районундагы Чоң-Дөбө айылдарындагы орто мектептер. Обладминистрация башчысынын айтымында, бул мектептердин курулушу боюнча тендер жакынкы күндөрдө гана бүткөн.
«Аларды тургузууга 10 миллион сом бөлүндү. Биз эми гана курулушту баштаганы турабыз. Бирок Нарында сентябрдын аягында эле кыштын суугу билинип калат. Андыктан быйылкы жылы окуучулар чатырда сабагын улантууга туура келүүдө. Жыл сайын социалдык объекттерди курууга берилген каражат бизге кеч жетет. Кийин каражат колдонулбагандыгына байланыштуу кайра бюджетке өткөрүлөт. Ушуга байланыштуу каражатты эртерээк даярдап берүүнү суранам»,- деп Канатбек мырза депутаттарга кайрылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 514, 7-13-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан