ЖОГОРКУ НАРЫН ГЭСинин КУРУЛУШУ ТОКТОТУЛДУБУ?

Энергетика жана өнөр жай министрлиги Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтин курулушу боюнча келишимге кол коюуга тиешелүү бардык иштерге тыюу салды. Министрликтин маалыматына ылайык, келишимге кол коюу жаңы өкмөттүн курамы түзүлгөнгө чейин жылдырылды. Ошол эле учурда ведомство эч кандай кечиктирүү болбой турганын кошумчалап, 15-сентябрга чейин документтердин иши аягына чыгарын айтышат. Учурда Министрлер кабинетинин жаңы курамы бекитилгенге чейин документтерге кол коюуга байланыштуу коркунуч жаралууда.
Маалымат үчүн: 15-сентябрга чейин Кыргызстан менен Орусия Жогорку Нарын каскадындагы ГЭС боюнча макулдашууга кол коюлушу керек, ал эми 1-ноябрга дейре курулуштун иштери башталышы шарт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
mirseyit
2012-09-10 11:59:53
Бабанов баштаган ишти эми булар качан баштайт болду экен!? Ушул жааттагы специалисттер журушот Россияда таалалап ар кайсы ГЭСти куруп. Башталса кайтат элек биздагы.
0
stan.kg
2012-09-13 17:15:47
Буга окшогон стратегиялык курулуштарды кечендетпей, саясий оюнга айлантпай эртереек башташ керек.
0
№ 514, 7-13-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан