Кесибибизге байланыштуу Нарын районунун Достук айылына Ат-Башы ГЭСи тууралуу маалымат алуу үчүн сапар алдык. Дароо эле көзүбүз кайсы бир чебердин колунан жаралган сүрөттөргө урунду. Ушундан улам «бул эмгектердин ээси ким болду экен?» деп сураштырып отуруп, Жайлоо Бакасовду кезиктирдик.
Өнөр бардык адамда болот, бирок аны пайдалана билүү көпчүлүктүн колунан келе бербесе керек. Мына ошондой таланттын ээси болгон Жайлоо Бакасов 1979-жылы аскерден келип, кесибин операторлук кызматтан баштайт. 1983-жылдан тартып кеңири электр участогунда слесарь болуп эмгектенет. «Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет» демекчи, каарманыбыз 40 жылдан ашык иштеп, жумушу экинчи үйүндөй болуп калган. Артына карап кылчайып, 40 жылдан ашык өмүрүн ошол жакта өткөргөнүнө өкүнбөйт.
Жайлоо аганын бай дүйнөсүнө баш багып, сүрөтчүлүк, чеберчилик өнөрү менен жакындан тааныштык. Алгач эле көзүмө гүлдүн сүрөтү урунду. Гүлдүн сулуулугу, назиктиги бир ажайып. Өзгөчө мени анын эмгекчилдиги таң калтырды. Суу киргенде бак-дарактарды суу алып кетет. Ошондо ар кандай нерселердин фигураларына окшогон бактын тамырларын табууга болот. Мына ошол жыгачтарды терип, формага келтирип, сувенирлерди жасайт. Жайлоо агайдын дагы башка сүрөттөрүнө, эмгектерине кийинки сандарда сапар алабыз деп күтүп туралы.
Эльвира Караева, Алмагүл Турдалиева
naryn@super.kg