БАЗАРДЫ ИРЕТТӨӨ МАКСАТЫ МЕНЕН...

Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын айланасында айрым соодагер, сатуучуларды көчүрүү иштери башталды. А.Чехов, Ж.Бакиев көчөлөрүндө эч кандай уруксат кагазы, келишими жок эле соода-сатык менен алектенген сатуучуларды иретке келтирүү боюнча шаардык мэрия тарабынан атайын рейд жүргүзүлдү. Рейдге 1-вице-мэр У.Маматов баштаган бир катар мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, 2-3 айдан бери эскертүү берилгенине карабай өз ишин уланткан сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
«Аларга «Юг-сити», «Рахман-Ата» жана башка базарларга барып соодасын улантуулары керек экенин айтып келгенбиз. Ага деле карабай эски көрүнүш улана бергендиктен, бүгүн атайын тиешелүү мекеме, ишканалар менен бирге аларды ордунан көчүрүү, өз алдынча куруп алган жайма базардын тактайларын, темирлерин мэриянын алдындагы атайын автобазага жүктөп алып барып жатабыз. Албетте, көрсөтүлгөн айып төлөмдөрүн төлөгөндөн соң сатуучулар аларды кайра ала алышат», - дейт вице-мэр.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
AFRODITA-89
2012-09-11 23:29:35
no comment
0
№ 514, 7-13-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан