Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери спорттук аянттуу болушту. Алгач теннистик кортко ылайыкташтырылып салынган бул аянтча 1998-жылы курулган экен. 14 жыл кароосуз жаткан аянтка Жалал-Абад шаардык ОИИБинин башкармалыгын демилгеси жана демөөрчүлөрдүн көмөгү астында оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Жалпысынан 600 миң сом каражат жумшалган аянт кичи спорттук комплекс катары колдонууга берилди. Футбол, кичи бутбол, баскетбол ойноого ылайыкташтырылган бул спорттук аянтча укук коргоочулардын мыкты даярдыкта болуусун жана ар бир укук коргоочунун ден соолугу чың болушуна шарт түзөрүн айтат Жалал-Абад ОИИБинин башчысы М.Нурдинов. Анын айтымында, кичи спорттук аянтчаны оңдоп-түзөө иштерине 3 ай аралыкта аракеттер жумшалган.