Жакында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жатаканасынан атайын жай бөлүнүп берилген бул эмкана бардык медициналык жабдуулар менен камсыз болду.
«Шаардык мэриянын каржылоосу астында жасалгаланган бул эмкана жаңы окуу жылында жакшы жетишкендик. Бул муниципалдык студенттик бейтапкана шаардагы окуу жайларда билим алып жаткан студенттердин ден соолугуна кам көрүү менен биргеликте ар дайым шаардык мэриянын камсыздоосу астында болот»,- дейт шаардын мэри Б.Адылов.