Адатта тээ тоолуу аймактарыбыздагы жердештерибиз бардык жаңылык, маалыматтан кеч кабардар болот деп ойлойбуз. Бирок таланты ичине батпай ар кандай сынактарга катышып, жеңүүчү аталып жүргөн замандаштарыбыз жок эмес. «Аялдарды коргоо уюму» тарабынан өткөрүлгөн интернет дүйнөсүндө ала качуу боюнча накыл кептерди куроо сынагы өткөрүлүп, сынакта жеңүүчү аталышкан жубайлар Чаткал районунун Камыш-Кыя айылынын тургундары. Нукура кыргыз сөздөрү менен накыл сөз курап жеңүүчү аталган жубайлар Мухамедалы, Самара менен маек курдук.
– Бул сынакка кандайча катышып калдыңыздар?
Мухамедалы:
– Бир таанышым бар эле, Мирлан деген. Интернет кызматынан аябай көп пайдаланчу. Ошол жигит бир күнү кыз ала качуу салтын жоюу максатында сынак уюштурулуп жаткандагын айтып калды. Өзүм чыгармачылыкка жакын адам болгонумданбы, айтор, кызыга түштүм. Сынактын шартын сурасам, кыз ала качуу тууралуу кыска-нуска кылып таасирдүү накыл сөз жазуу керек экен. Үйгө келип жубайым экөөбүз акылдашып, күчүбүздү сынап көрөлү деп чечтик. Анан жубайым менен сөздөрдү курадык.
– Жеңүүчү болобуз деп ойлодуңуздар беле?
М.: – 1-орунду алам дебесем да, байгелүү орундарга илинем деп ойлогом.
Жубайым менен ата-энебиздин макулдугу астында баш кошконбуз. Биз тоолуу аймакта жашаганыбыз үчүнбү, ала качуу көп катталчу. Аларды көрүп кейичү элем. Ошол нерсе мага түрткү болду. Диплом жана акчалай сыйлык менен сыйландык.
Самара:
– Республика боюнча өткөрүлүп жаткан соң биз жеңишке жетишпесек керек деп ойлогом. Бирок жолдошум өзү чыгармачылыкка жакын адам болгондуктан, ал жеңишке жетишсе керек деп үмүттөнгөм. Бирок жыйынтыгында мен 1-орунга, ал 2-орунга ээ болду (күлүп).
– Азыр да коомдо ала качуу көппү?
С.: – Жок , азыр ал нерсе, менимче, аябай аз катталып калды.
– Маегиңиздерге чоң рахмат.
Эскерте кетсек, бул сынак интернет аркылуу жүргүзүлгөн. Андагы жеңүүчүлөрдүн кураган накыл сөздөрү республиканын түрдүү аймактарына жазылат экен.
Гүлжан Эшбаева
star@super.kg