3-сентябрь күнү Москва районунда таңкы саат 6 чамасында Беловодск айылындагы Чоң Чүй каналына Мерседес-500 үлгүсүндөгү унаа түшүп кетип, 3 адам каза тапты. Унааны 1983-жылы туулган Эльгиз Уметов аттуу адам башкарып бараткан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, окуя айдоочунун унааны башкара албай калганынан улам болгон. Кырсыктан кийин Садовое айылындагы куткаруу кызматкерлери келип, суу ичинен каза болгон 3 адамды алып чыгышкан. Ал эми айдоочу кырсыктан аман калган. Учурда тергөө иштери башталды.
Ушул эле күнү Панфилов районуна караштуу Панфилов айылында жол кырсыгынан трансформатор күйүп кетип, 114 үйдү жарыксыз калтырды. КамАЗга чиркелип бараткан прицеп трансформатордун астындагы бетонду талкалап, анын кесепетинен трансформатор иштен чыккан. Кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө. Күнөөлүү айдоочу 320 миң сомдун тегерегинде чыгымдын суммасын төлөшү керектигин айтышат тийиштүү органдар.