1-сентябрь күнү Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айылына караштуу тоо бетинен чөп өрттөнүп, тоону каптаган. Күтүүсүз өрт айыл тургундарын бир кыйла кооптонткон. Өрттү өчүрүүгө райондук өрт өчүрүү кызматы баш болуп айыл тургундары, «Кой-Таш» аскердик бөлүгүнөн, ӨКМнын куткаруучуларды даярдоо борборунан куткаруучулар, жалпысынан 200дөй киши тоого чуркаган. Бирок бул күнү караңгы кирип кетип, саат 21лерде иш токтотулган. Эртеси күнү да өчүрүү аракеттери болгон. Болжол менен 1000 гектар аянт күйгөндүгү айтылууда.
Ушул эле күнү Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айылына караштуу тоо кыркасында өрт чыгып, райондук өрт өчүрүү борборунун кызматкерлери аны токтотуп калууга жетишти.