Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Кара-Балта шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү заводдон Кыргызстандын жарандыгындагы кызматкерлер иштен айдалып кеткенин билдирди. Депутаттын айтымында, иштен бошотулган кызматкерлердин ордуна заводго жетекчилик кылган кытай тараптын өкүлдөрү орношкон.
Карамушкина: «Кытай тарап бардык кыргызстандык жарандарды иштен бошотуп, ордуна 1500 өз жарандарын алышкан. Иштен алынган тарап мындай мыйзамсыз кадамга нааразы»,- дейт. Миграция кызматы аркылуу аталган 1500 кытай жараны тууралуу суроо көтөрүү керектигин айткан депутат Экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары Адылбек Касымалиевге кайрылды. Ал эми ишкана жетекчилиги мындай маалымат туура эмес экендигин, заводдо эч кандай иштен айдоо болбогондугун айтууда.