Жайыл районунун аймагында өсүп жаткан кара куурайды жок кылуу боюнча РИИБ тарабынан эч кандай чара көрүлбөй жатканын укук коргоо органдарынын жыйынында акимдин орун басары Бахтияр Карымшаков билдирди. Ал Степной айылына кире бериштеги жол боюн жана Кара-Суу айылынын ичин кара куурай басып кеткенин айтып, аны жок кылуу үчүн айыл өкмөт өкүлдөрүн жана участкалык инспекторлорду тартыш керектигин белгиледи. Бул ойго каршы пикир айткан райондук Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мирлан Касымбеков тиешелүү аракеттер жасалып жатканын айтат. Айтымында, быйыл жалпы 18 гектар аянттан кара куурай жок кылынган.