Кеңсебизге телефон чалган айым «Супер-Инфо» гезити Ысык-Көл аймагына да ачылганын угуп, «көктөн издегеним жерден табылды» деп кубанды. Кубанычтын артынан Лена айым өз арманын айтып жүрөктү оорутту.
«СЫГЫП ТӨРӨТКӨНДӨН УЛАМ КУЙМУЛЧАГЫМ СЫНЫП...»
– Бир кезде биздин үй-бүлө бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктачу. Жолдошум экөөбүздүн үч кызыбыз бар. Кудайдан уулдуу болсок экен деп тилеп жүрүп, бир жыл мурун, 45 жашымда боюма бүттү. Ай-күнүмө жеткен соң өзүбүз Жети-Өгүз айылында жашасак да, Каракол шаарындагы төрөт үйүнө келдик. Жашым өтүп калгандыктанбы, айтор, абдан кыйналдым. Канчалык кыйналсам да врачтар көңүл бурбай коюшту. Толгоом катуу эле, төрөй албай жатканымда үстүмдөн аябай катуу басып, баланы сыгып алышкан. Күч менен сыкканда менин жамбашым ажырап, куймулчак сөөгүм сынып кетиптир. Бирок жанымды оозума тиштеп төрт күн толготуп, 1-февралда наристем жарык дүйнөгө келди. Биз каалагандай уул экен. Бирок балабыз 8 саат гана жашап чарчап калды. Анын себебин дарыгерлер менин 45 жашка чыгып төрөгөнүм дешти. «Ымыркайдын жүрөгүндө тубаса тешиги бар экен» деп түшүндүрүштү. Баланын жүрөгүндө тешиги бар экенин аныкташ үчүн соёлу дегенде кызыл эт немени сойдургум келген жок. Мусулманча жаназа окутуп жерге берели деген чечим менен сойдурган жокмун. Бала чарчап калгандан эки күн өткөн соң өз каалоом менен ооруканадан үйгө чыгып кеттим. Убакыт өтүп жараатым өз калыбына келер деп ойлогом. Төшөктө эки ай жаткан соң такыр кыймылдай албай калдым. Караколдогу шаардык дарыгерлерди чакырганыбызда алар «Бишкекке барып, текшерүүдөн өт» дешти. Бишкекке келдим. Алар текшерип жатып «төрөт учурунда жамбаш ажырашы мүмкүн, бирок куймулчак сынып кеткенин биринчи жолу көрүп жатабыз» деп таң калышты. Ушул убакка чейин төрөттөн куймулчак сөөгү сынып кеткен аялзаты болбогондугун уктум. Анан жүрөгүндө тешиги бар бала деле жакшынакай жашап жүргөндүгүн угуп-көрүп туруп, баламды да оор жаракат кылып өлтүрүп алышканбы деген ойго кеттим. Баарынан да күмөн санап жашоо жаман экен. Ошол кезде баланы текшертип көргөндө баары айдан ачык болмок. Бир чети баламдан айрылып, экинчи жагынан өзүм майып болуп калганыма ичим ачышып, кыйналып жашап келем.
«КАРЫГАНДА ТӨРӨГӨНДӨН УЯЛБАЙСЫЗБЫ ДЕШТИ»
– Мени ушунчалыкка жеткирген дарыгер бир басып келип абалымды сурап койбогонуна ызаланып, жолдошум укук коргоо уюмуна арыз жазган. Бирок «улгайган куракта төрөгөндүгү үчүн жамбашы ажырап, куймулчак сөөгү сынып кеткен. Бала болсо тубаса жүрөгүндө тешиги бар экен» деп жыйынтык чыгарып коюшту. Айрымдар сотко бер деген кеңештерин айтууда. Бирок ага дагы күчтүү адвокат жалдаганга аз эмес каражат керектелерине көзүм жетип турат. Чет өлкөлөрдө 60 жаштагы аялдар жакшынакай төрөй алат, бизде 45 жаштагы аялзаты эне болууга болбойбу? Учурда куймулчак сөөгүм айыкпай, аркама эки темир коюлган. Калыстык издеп көп жерге бардым, бирок... «Айткандын оозу, көргөндүн көзү жаман» дегендей, мен жабырлануучу катары кайрылып жардам сурагандардын арасында «карыганда төрөгөндөн уялбайсызбы» деген адамдар да болду. Мен эне болуудан эмнеге уялышым керектигин алигиче түшүнө албай бушайманмын.
«МАЙЫП АЯЛДЫН КЕРЕГИ ЖОК ЭКЕН»
– Көр оокат, турмуш-тиричилик менен күндөр өтө берди. Азыркы заманда жумуш жасай албасаң кимге жагасың да, кайсы адамга керексиң? Кайын журтум «бизге майып келиндин кереги жок» деп, акыры жолдошум экөөбүз ажыраштык. Бирок кандай болгон күндө да жолдошума эч кандай күнөө коё албайм. Себеби ал дагы аркасында туяк калса деп тилейт. Мурун жолдошум мектепте кароолчу болуп иштеп үч кызыбызды жетишерлик бага алчу. Эми жалгыз калдым. Улуу кызым турмушта, канчалык апакелебесин баары бир анын үй-бүлөсү башка. Эки кызым мага күч кылбайлы, мени айыктыралы деп иштеп жатышат. Күн бүркөлгөн сайын ооруганым ооруган. Апрель айында борборго барып аркама, астыма коюлган темирди алдырайын десем, дарыгерлер «азырынча эрте. Күзүндө келип көр, ага чейин бутуңа кий» деп бир байпакты жазып беришкен эле. Анын бирөөсү эле 2000 сомдон экен. Ага дарманым, каражатым жетпейт деп тим болдум.
Санаа, кайгы, өкүнүч менен жата берип абдан зериктим. Жумуш издеп, беш сом болсо да тапсамбы деп ооруган бутума көз жумуп, жакындан бери керектөөчүлөрдүн укугун коргоо уюмунда кызматкер болуп иштеп жатам. Бул жерде да жумушубузга жараша айлык. Кээ бирде такыр акча албай иштөөгө туура келет. Ошентсе да жумушум бар деп алаксып калдым.
Менин акыркы үмүтүм силерде, гезитке жазсаңар, мени төрөткөн ординатор-врач Элмира Барктабасова өз күнөөсүн сезер беле?.. Мени түшүнүп, өзүн менин ордума коё билген адамзаты чыгабы?..
Мына ушундай тагдырын айтып келген айымдан соң бир тараптын гана чындыгын жазбайлы деп Каракол шаарындагы төрөт үйүнө кайрылдык. Бирок биз издеген ординатор-врач эс алууга чыкканына байланыштуу үч ирет барганыбыз менен, ал жактан маалымат ала албадык. Августтун башында барганыбызда «августтун аягында эс алуудан келет» дешкен, сентябрда барсак «сентябрдын аягында келет, өзү жооп берет» деген сөздөрдү уктук. «Уккан кулакта жазык жок» дейт, бирок ал дарыгер дагы бир ушундай окуяга туш болгонун сыр кылып айтып бергендер да табылды. Макаланы окуса, балким, жогоруда аты аталган дарыгер кайрылар, анын да жообун угууга даярбыз.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg