Талас облустук биргелешкен ооруканасына Кыргыз ССРнин Эмгек сиңирген дарыгери, облуста эле эмес, республика боюнча белгилүү хирургдардын бири Чолпон Мамбетовдун ысымы берилди. Мындай демилгени аталган оорукананын эмгек жамааты көтөрүп чыгып, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги колдогон.
Чолпон Мамбетов кезинде Иса Ахунбаевдин клиникасында иштеп, анын шакирти болуп миңдеген адамдарга татаал операцияларды жасап, өмүрлөрүн сактап калган. Ошентип, кезинде Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон, «Эмгекке даңк» медалынын ээси Чолпон Мамбетовдун ысымы түбөлүккө сакталмакчы болду.