ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮ ТАЛАСТА ШАҢДУУ БЕЛГИЛЕНДИ

Республикабыздын бардык аймагындагыдай эле Эгемендүүлүк күнү Таласта шаңдуу белгиленди. Иш-чара өлкөбүз көз карандысыз болгондон берки кыскача тарыхты чагылдырган театрлаштырылган оюн-зоок менен башталды. Жаш жигит аргымакты алкынтып, тууну булгалап чыгып, «жерибизди, мекенибизди душмандардан сактап, келечек үчүн күрөшөбүз, ал тургай жан беребиз» дегенде Апрель окуясы эске түшүп, айрымдар көздөрүн жаштап алышты.
Андан ары чакан концертке да орун берилди. Күпүлдөтө «Манас» айткан боз улан, улуттук бийлерди ийине жеткире аткарган жаш кыздар тобу элдин алкоосуна ээ болду. Майрамда облустун ар бурчунда эмгеги менен оозго алынган алдыңкылар ардак грамоталар менен сыйланып, маанайлары көтөрүлдү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Taalaibek.
2012-09-16 06:57:08
Албетте Таластан баары башталат да.
0
№ 514, 7-13-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан