Шумдугуң кур...
Таластын базарынын кире беришинде комуз менен эски ырларды ырдап акча таап жаткан абышкага көзүм түштү. Өткөн-кеткендер сакалын сыйлап, бир жагынан боору ооруп тыйын-тыпыр таштап өтө беришет. Карыганда бала-чакасы бакпай койгонбу же башка себеби барбы деп бул ирет убакыт таап сөзгө тарттым.
– Майрамыңыз менен, төрдө отуруп уул-кыздын чайын ичер убакта көчөдө ырдап акча таап жатканыңыздын себеби эмнеде?
– Оо, сиздей кыз-келиндерге тийишкени ырдап отурам.
– Тамашага жакын экенсиз, эми чынын айтсаңыз...
– Омей, чынын айтып жатам. Ырдап акча да табам, кыз-келиндерге да тийишем. Мисалы, азыр менин багуумда 2 жаш келин бар. Экөөнө акчадан кайрылып, каралашам.
– Ушул курагыңыздабы? Деги жашыңыз канчада? Бала-чакаңыз барбы?
– Жашым дагы бир келинди карытканга жетет. Жетимиш экидемин. 5 уул, 7 кызым бар. Ар кимиси өз оокаттары менен. Арабаларын тартып жүрүшөт да.
– А сиз өз арабаңызды ушинтип тартып...
– Анан эмей.
– Кемпириңиз, уул-кыздарыңыз бул жоругуңузду кандай кабыл алышат?
– Кемпир жок. Айттым го, бала-чака өз тирилиги, мен өз тирилигим менен. Мен кандай кааласам, ошондой болот.
– Бир күндө канча табасыз?
– Ме, балмуздак жеп кой 10 сомго.
– Жок, рахмат.
– Канча табасыз дейсиңби? Көп, ишенбейсиң. Кээ күндөрү 500-600 сом. Бүгүн майрам, буюрса, 1000 сом табам го. Майрамда ушунчага жетип калат.
– Пенсия да аласыз...
– Ии да.
– Акчаңызды чогултуп неберелерге, балдарга бербейт белеңиз, кыз-келиндерге каралашам дебей...
– Кой, болду, мына көп кыз-келиндер келе жатат, ырдап акча таап, тийишип да калайын. Жакын келсе кол-жамбаш, белинен кармалап дегендей...
Ушинтип айтып бүтөрү менен эски обонду созуп, комуз чертип кирди.
Мен болсо абышкага түшүнө албай, чын айттыбы же калп айттыбы деп туруп калдым. Бирок бир аз туруп, айтканы чындыкка жакын экенине ынандым. Анткени тыйын таштаган кыз-келиндерге нуру өчкөн көзүн ымдай карап, тийишип жатты. Ылайыгы келсе колун кармалаганга да жетишкеничи. Акыры баш чайкай, кантсе да кой аксак-тоскогу менен миң да деп жолго түштүм. Бирок жаштарга жол көрсөтөр убагында ушундай жашоону тандап алганы кайсы бирөөнү таң калтырары анык.
Канымжан Усупбекова
talas@super.kg