ЧЫГЫШ КҮРӨШҮНҮН ЧЕМПИОНДОРУ НАРЫНДА

«Жаштар – биздин келечегибиз» деп дайыма айтып келебиз. Кээде келечектин ээлери жаштар экени унутта да калып кетет. Дегенибиз, өзү менен өзү, колдоосу жок көптөгөн ийгиликтерди багынтып келе жаткан жаштарды көргөндө кубанбай койбойсуң. Спорт жаатында жаш муундарды тарбиялап келген чыгыш күрөшүнүн түрлөрү боюнча машыктыруучу Улан Токтосун уулун кепке тарттык.

– Улан, жаштар арасында спорт тармагында канча жылдан бери иштейсиз?
– 1999-жылдан баштап машыктыруучу болуп иштеп, 2000-жылдан тарта Матен Сыдыков атындагы орто мектепте ишимди уланта баштагам. Нарын шаарында чыгыш күрөшү боюнча өзүм менен дагы эки машыктыруучу иштейт. Алар – Бакыт Касымов, Нурболот Токтосунов. Алгач жумушка келгенибизде эч кандай шарт жок эле. Азыр баары жакшы, көп ийгиликтерди багынтып жатабыз. Келечекте спортту мындан да бийик деңгээлге көтөрө турган балдарга тарбия берип, жол көрсөтүп, ийгилик жараталы деп иштеп жүрөбүз.
Азыркы учурда 60-70ке чукул улан-кыздарды тарбиялайм. Акыркы 13 жылда кол алдымдан өткөн балдардын саны көптүгүнөн эсимде да калбаптыр.

– Мурда шарт жок эле, азыр дурус дедиңиз, жакшы болгондо кандай?
– Эң алгач эч нерсеси жок, каралбаган ээн зал болчу. 2000-жылы №7-мектептин директору Асан Жусупжанов биринчи жолу сунуштап, машыгуу залын ачканбыз. Колдон келишинче жасап алып иштеп жатабыз. Бир кездерде жерге төшөлчү, спорттун тили менен айтканда, мат жок болчу. Кыйла жылга чейин эчкинин кылын чогултуп төшөп мат кылып, машыгып жүрдүк. Ошентсе да көптөгөн жеңиштерге жетиштик.

– Мисалы?
– Биринчи жолу окуучуларыбыз 2004-жылы Кыргызстандын таэквондо боюнча чемпиондугунда чоң ийгиликти багындырышкан. Ошол жылдан бери чыгыш күрөшүнүн ар кандай түрлөрү боюнча мелдештерге катышып, байгелүү орундар менен кайтып келүүдөбүз. Окуучуларыбыз Индия, Орусия жана Казакстанга чейин барышты. Индияда өткөн Эл аралык Азия чемпиондугуна Уралкүл Абдыбекова аттуу окуучубуз барып 2-орунду ээлеп келсе, Орусиядагы мелдеште Нурбек Темирбек уулу 1-орунду, Азирет Асанов 2-орунду жана 2010-жылдын март айында жеңиш алып келишти. Акыркы үч жылдан бери эрежесиз мушташ, вале-тудонун бразилиялык версиясы боюнча окуучуларыбызды Кыргызстандын чемпиондуктарына катыштырып келе жатабыз. Бул мелдеште облустар аралык өспүрүмдөр ичинде командалык эсеп боюнча 1-орунду 2011-2012-жылы ээледик.
Быйыл жыл башында Бишкектеги «Стронг» спорттук комплексинде өткөн вале-тудо боюнча КРнын Чемпиондугунда биздин беш тарбиялануучу – Нурбек Темирбеков, Нурбек Султанбеков, Талгат Шералиев, Адилет Мусаев жана Акмарал Муратбек кызы биринчиликти алышкан.

– Кимдер тарабынан колдоо көрсөтүлөт? Демөөрчүлөр барбы?
– Демөөрчүлөр бар. Бирок бир барабыз, эки барабыз, анан башка колдоочу издегенге туура келет. Учурдан пайдаланып, «Замандаш» партиясынын өкүлдөрү Самар Өмүров, Төлөбек Көбүкеев, Алтынбек Токталиев, Майрамбек Жумабеков жана Муса Жусаевге, ошондой эле окуучуларымдын ата-энелерине ыраазычылык билдиргим келет. Дайыма кубанычыбызды, кайгырсак капачылыгыбызды биз менен бөлүшүп, колдоо көргөзүп келишет.

– Спортчулар күчүнө ишенип, түрдүү тентектиктерди жасашат деп таланттуу окуучуларыңызды ата-энелери машыгууга жибербей койгон учурлар болобу?
– Болот. Ушунчалык эмгектенсең, эмгегиңдин баары текке кетет. Айрымдар спортчуларды талап-тоноп, ар кандай иштерге барышат деп ойлошот. Бирок андай эмес, бизде күчүбүздү көчөдө эмес, дайыма спорт майданында көргөзүүгө аракет кылабыз. Кээ бир ата-энелер балдарын кичине кезинде берип, «мына эми жакшы үйрөнүп калды» дегенде машыгуудан чыгарып алышат. Тескерисинче, баласы анча кызыкпаса деле акча сунуштап, үйрөтүп бер дегендер да жок эмес. Ошондуктан жалпы ата-энелерге айтар элем, спорт – ден соолуктун булагы, өзүңдү коргой билүүгө да шарт түзөт. Андыктан ар бир баланы кичинесинен спортко тартып, тарбиялашыбыз керек.

– Балдарды ар тараптуу спортчу кылып тарбиялоо оорбу?
– Универсалдуу кылып тарбиялоо үчүн чыгыш күрөшүнүн ар кандай түрүн үйрөтөбүз. Мисалы, күрөшкөндө кол жана бут менен иштөөнү.

– Алдыда кандай пландарыңыздар бар?
– Буюрса, алдыда жогоруда айткан демөөрчү партия залдарды оңдоп-түзөп, жетишпеген шаймандарды алып берип, биз үчүн колдоо көрсөтүп, көптөгөн жардамдарды берүүгө убада кылды. Ошол иштер орундалса, көптөгөн мелдештерди багындырабыз деген үмүтүбүз бар.

– Анда ишиңизге ийгилик!

Алмагүл Турдалиева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Neitral86kg
2012-09-13 13:56:58
Чыгыш күрөштөрүн өнүктүрүүгө салым кошконуңуз үчүн сизге алкыш! Ден-соолук жана чон-чон жетишкендиктерди каалайм!
0
№ 514, 7-13-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан