«ТЕЗ-ТӨР 10-15 ЖЫЛДА БИР ТАШЫШЫ МҮМКҮН»

Бир ай мурда Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан Тез-Төр көлүнөн суу ашып, топон суу каптачудай болуп Байтик, Кашка-Суу айылдарынын жашоочулары, ал тургай Бишкектин айрым тургундары дүрбөлөңгө түшкөн. Ошол элди тополоң кылган Тез-Төр көлү тууралуу сөз кылалы.

ТЕЗ-ТӨР КИЧИ КӨЛҮ
Жайгашкан жери – Аламүдүн районундагы Адигине тоосу
Бийиктиги – Деңиз деңгээлинен 4500 метр бийик
Суусунун көлөмү – 100 миң м3
Формасы – Туюк көл
Учурдагы коркунучу – Андан ташып чыккан суу Ала-Арча суусуна кошулуп, эгер суу нугунда ири тоскоолдуктар болсо, айрым айылдарды жана Бишкектин айрым жерлерин суу капташы мүмкүн

МААЛЫМАТТАРДЫ УЛАЙ...
Кыргызстанда бийик тоолуу шартта жайгашкан 3000ден ашык көл бар. Алардын 320 чактысы кооптуу деп саналып, анын ичинен коркунучтуулугуна карап 1, 2 жана 3-категория болуп бөлүнөт. Биз сөз кылмакчы болгон Тез-Төр көлү ошол 1-категорияга кирет, башкача айтканда, эң коркунучтуу көлдөрдүн катарында.
Анын канчалык деңгээлде кооптуу экени быйылкы жылдын июль айынын аягында белгилүү болгон эле. «Тез-Төр көлү ашып-ташып, Бишкекти суу каптайт экен» деген кабар шамалдай тарап, шаардыктар бир кыйла дүрбөлөңгө түшүп алды. Ала-Арча суусунун жээгинде жайгашкан Байтик, Таш-Төбө, Кашка-Суу айылдарынын жашоочулары үйлөрүн таштай качканга да жетишишти. Ал эми адистер Тез-Төр көлү климатка байланыштуу өзгөрүп турарын, аны ары же бери кылып жиберүү мүмкүн эместигин айтышат.
Мындай кооптуу кырдаал буга чейин 2001-жылы жаралып, анда күчөгөн суу агымы сай жээгинде жайгашкан бир топ турак жайларды жарактан чыгарган. Быйыл, бактыга жараша, эч кандай чыгымдарга алып келген жок.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг департаментинин директорунун орун басары Аман Сарногоев менен көл тууралуу маек курдук.

– Аман мырза, быйыл Тез-Төр көлүнөн суунун ашып чыгышы жергиликтүү жашоочуларды бир кыйла дүрбөттү. Көлдүн табигый өзгөчөлүгү, анын коркунучтуулугу жөнүндө эмне айта аласыз?
– Бизде бардык көлдөрдүн абалын, шартын көзөмөлгө алып турган атайын геологиялык отряд бар. Булар көлдөр тууралуу ӨКМга алдын ала маалымат берип турушат. Тез-Төрдөгү абал бизге көп жылдардан бери эле белгилүү. Быйыл андагы суунун көлөмү 100 миң м3дан ашты. Бул көрсөткүч коркунучтуу болгондуктан, биз ошол маалда эле өкмөткө «коркунуч бар, Ала-Арча капчыгайында эс алып жүргөндөрдү чыгарып кеткиле. Ал жакта эс алууга тыюу салгыла» деген кабар бергенбиз. Бир апта өтпөй Тез-Төр ташып кетти. Көлдөн ашкан суу Ала-Арча суусуна кошулуп, андагы суунун агымы секундасына 15-20 м3дан 30-35 м3га чейин жеткен. Бирок бул 1,5 саатка гана созулуп, көлдөн 300 м3дай суу агып чыккан. Ылдый келгиче азайып отуруп, Бишкекке болжол менен 30 м3 гана суу жеткен. Эгер суу көп келгенде бир топ зыян алып келиши мүмкүн болчу.

– Буга күндүн ысыктыгы себеп болдубу же суу топтолуп отуруп көлдү жарып чыктыбы?
– Экөө тең десе болот. Биринчиден, көл климаттык шарттан, күндүн ысыктыгынан көз каранды. Демек, мөңгүлөрдүн эриши андагы суунун көбөйүшүнө алып келди. Биз 10 жылдан бери эле эскертип келе жатабыз, Ала-Арча суусунун нугун тазалагыла, аккан сууга эч кандай тоскоолдуктар болбосун, өзгөчө «Ош базарынын» жанын тазалагыла деп. Анткени базардын жаны таштандыга толо. Ала-Арча суусундагы кээ бир жерде көпүрөнүн үстүнө кафе тургузуп алгандар бар. Ушуга окшогон көрүнүштөрдү жоготушубуз керек. Азыр суу азайып, көлчүк сыяктуу болуп калды. Дагы бир 10-15 жылдан кийин кайрадан толуп, быйылкыдай ташып чыгышы мүмкүн.

– Эскертүү бергенден башка алдын алуунун жолдору жокпу?
– Кайдан?.. 4500 метр бийиктиктеги көл болсо... Ага атайын жол салып барыш үчүн эле Бишкек-Ош жолунун ондон бир бөлүгүнө кетчү каражат кетет. Асканын арасында жайгашкан да. Кээ бирөөлөр айтышат, «мен жолун билем, көлгө 100-200 түтүк алпарып, суунун көлөмүн бир калыпта кармап турса болот» деп. Түтүктөрдү ал жерге жеткирүүнүн өзү эле миллиондогон акчаны жейт.

Демек, биз эч качан өзгөртө албаган табият мыйзамы күчүндө калат. Кандай болгон күндө да ӨКМ каккылаган коңгуроого көңүл буруп, бөөдө кырсык, олчойгон чыгымдардын алдын алуудан өтөрү жок.

Автандил Добулбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
rozaida
2012-09-10 17:04:49
Бул маселени коптон бери айтып келишет, дагы жакшы кырсык болгон жок. Иншалла кудай озу сактады, эл учун куйгон, элди ойлогон адистер жок. Эгер болсо ондогон жыл ичинде эн жок дегенде каналдары кенейтип ашар турундоо жасаса деле жергиликтуу эл озу эле бутурмок. Колунан келбегенден кийин неге мен мыкты адисмин деп олтурат уят биринчилерден болуп кыргызтан президентен эмес ушуга окшош кайдыгерлерден, суткор, паракор соз турундо соз чечени бодуп буткондордон кутулушу керек.
+1
Melis-Aruuke
2012-09-10 22:40:44
балыкка окшош кол экен.
0
№ 514, 7-13-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан