Бир кочуш мистени бир заматта чыкылдата чагып саларыбыз белгилүү. Бирок ошол бир кочуш мистени чогултуу үчүн канча мээнет кетерин көбүбүз билбесек керек. Негизи, мисте кайда, кандай шартта өсөт? Аны кантип чогултушат, тазалашат? Эмне пайдасы бар? Зыянычы?.. Кеп ушул тууралуу болмокчу.
МИСТЕ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
СССРден КАЛГАН БЕЛЕК
Мисте бийиктиги 4-10 метрге чейин жеткен, 3-4 жылда бир жолу мөмө берүүчү, кургакчылыкка чыдамдуу дарак. Орто эсеп менен 700 жылга чейин жашайт. Мисте дарагы эркек, ургаачы болуп бөлүнөт. Эркек дарагынын түшүмдүүлүгү ургаачысыныкына караганда алда канча аз. Мөмөсү кудум жүзүмдүн шиңгилиндей, ак, саргыч, күлгүн түстө болот. Орто эсеп менен бир бай түп мисте 5-10 килограммга чейин суу мөмө берет. Даны ачык жана туюк болот.
Бүгүнкү күндө мисте Кыргызстандын Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Лейлек, Баткен, Өзгөн райондорунда жана Бишкек шаарынын Чоң-Арык айылында өстүрүлүп келет. Бул да болсо эсил кайран СССР доорунун кыргыз жергесине калтырып кеткен эстелиги. Анткени Союз учурунда Кыргызстандын токойлорун өнүктүрүү демилгеси көтөрүлүп, бир топ мисте көчөттөрү отургузулуп, мисте токойлору негизделген.
ТЕРҮҮ, ТАЗАЛОО, КУРГАТУУ ИШТЕРИ
Мистени терүү иши июль айынын орто ченинен башталып, сентябрдын аягына чейин барат. Баштапкы терүү учурун «бирден термей», толук бышкан учурун «шыпырмай», аягын «машак» деп аташат, теримчилер. Мистени терүү таң эрте же болбосо кечки салкында жүргүзүлөт. Себеби күн катуу ысыганда мисте дарагы чайыр жана эфир майын бөлүп чыгарып, теримчинин башын айлантат. Таң эрте талаада болгон теримчи мистеси мол жерге туш келсе, орто эсеп менен 10-15 килограммга чейин терүүгө жетишет.
Терилип келген мисте 1-2 күн мүшөктө кармалып, кийин соку, сокбилектин жардамы менен сырткы кабыгынан ажыратылат. Андан соң тор идиште жуулуп-тазаланып, 12 саатка дейре муздак сууга чыланып турат да, кийин жайылып кургатылат. Ушул жерден теримчилердин дагы бир сырын айта кетейин, мистенин оозу жакшы ачылышы үчүн айрымдар аспирин таблеткасын ал чылана турган сууга салып коюшат. Мистени жайып кургатуунун өзүнчө сыры бар. Аны чак түштө күнгө жайсаң, оозу толук ачылбаган мистелер бажырайып ачылат да калат. Кургаган мистени 1 жылга чейин сактоого болот.
Бүгүнкү күндө базарларда чет жерден алынып келинген мистенин 1 килограммы 550-750 сомдон сатылса, кыргыз мистесинин баасы – 350-650 сомдон. Мистенин оозу ачыктары канчалык көп болсо, ошончолук баасы жогору болот. Айрымдар өтүмдүү болушу үчүн туюк мистелердин оозун атайын кычкач менен ачып, кууруп, туздап сатышарын айтышты.
МИСТЕ ЖАНА ДЕН СООЛУК
Чыгыш өлкөлөрүндө мистени бекеринен «жашоонун багы» деп аташпайт. Анткени мисте башка дандарга караганда баалуу витаминдерге, углеводдорго бай болгондуктан, көп ооруларга даба болуп келет.
Эскертүү: Мистени күнүнө 15-20 дандан ашык жебегенге аракет кылыңыз. Өлчөмүнөн ашырсаңыз, ал көңүлдү айланууну жаратат.
АШКАНАДА
Ашканада мисте таттуу азыктарды, салаттарды жасоодо кеңири колдонулуп келет.
«Балаты» токочу
Керектелүүчү азыктар:
Жумуртка – 3 даана
Кумшекер – 75 грамм
Ун – 25 грамм
Крахмал – 25 грамм
Майдаланган бадам – 100 грамм
Ак шоколад – 100 грамм
Мисте – 100 грамм
Туз – 1 чымчым
Даярдоо ыкмасы:
1. Ашкана кагазын тегерек түрүндө кесип, баштыкча жасап алабыз.
2. Жумуртканы чагып, ага туз, кумшекерди салып, көбүргөнчө чалып, ага ун, крахмал жана майдаланган бадамды кошуп аралаштырабыз.
3. Даяр болгон массаны баштыкчаларга куюп, 180 градус температурада ысып турган духовкада 15-20 мүнөттө бышырып алабыз.
4. Эми ак шоколадды суу ваннасында эритебиз. Ал эми мистени майдалайбыз. Токочтор муздаганда ага шоколадды сүйкөп, үстүнө майдаланган мистеден чачып коёбуз.
Дамира Арстанова, Гүлжан Эшбаева
kenesh@super.kg