Дайыр Исмадияров менен сүйлөшүп калсак эле «суперчилердин» тамашасынан корком. Мени тамаша торго салбагылачы, суранам, нервим жука» деп калар эле. Жигиттин бул суранычын тескерисинен аткарып, нерви канчалык деңгээлде жука экенин текшерип көрүүнү чечтик.
1. Сценарий боюнча Дайырды тамашага салуу үчүн бизге ырчы Анжелика жардамга келди. Ал Дайырга чалып, жаңы ачылган спорт кийимдер дүкөнүнө күзгү коллекция келип, аны жарнамалоо үчүн жылдыздарды тартып жатканын айтып, иштешүүнү сунуштады. Жакында эле сахналаштары Омар жана Арсен да жарнамага тартылып кеткенин айтып, Дайырды болушунча ишендирди. Ошентип, болжогон убактан кечикпей ырчы жигит Анжеликанын дүкөнүндө болду. Бир аздан кийин эле артынан "гей" Айбонун ролундагы актёр жигитибиз кызча басып, обу жок чоюлуп сүйлөп кирип келди. Дайыр актёр Айбо менен таанышканда эле мурчуя түштү. Актёр жигит Дайырды көргөндө сүйүп калгандай түр жасап, телмире тиктей баштады. Ансайын Дайыр Айбодон көзүн ала качып, калп эле дүкөндү кыдыра карап, өзүн ыңгайсыз сезе баштады.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg