Испания футбол курама командасынын жана каталондук «Барселонанын» жарым коргоочусу Андрес Иньеста УЕФАнын версиясы боюнча «Европанын мыкты футболчусу» деп табылды. Бул наам үчүн күрөштө Иньеста мүмкүн болгон 54 добуштун 19ун алып, аргентиналык Лионель Месси (17 добуш) менен португалиялык Криштиану Роналдуну (17) артка таштады. «Бул наамды алуума өнөктөштөрдүн салымы зор. Наам бизге сыймык, ишеним алып келет»,-дейт футболчу сыйлыгын жууп жатып. Эске салсак, Иньеста жакында аяктаган «Евро-2012нин» «Мыкты футболчусу» деп табылган.