АЛЕН БЕТТЕШТЕРИНИН ЖЫЙНАГЫН ЧЫГАРДЫ

Жакында кыргыз спортунда маанилүү жаңылык катталды. «Кара кыргыз» лакап аттуу кикбоксчу Ален Офойо беттештеринен турган жыйнагынын бет ачарын өткөрдү. Бет ачар 23-августта Бишкектеги кафелердин биринде болуп, спортчунун кесиптештери, күйөрмандары жана ММК өкүлдөрү болушту. Спортчунун өмүр баянын, сүрөттөрүнүн топтомун, беттештеринин видеолорун камтыган дискти чыгаруу идеясы Алендин өзүнө таандык.
«Башкы максат – Кыргызстанда уруш түрүндөгү спортту эле эмес, жалпы спортту жайылтуу. Жаңы муундар убакыт өтсө да, улуу спортчуларыбыздын, биздин атыбызды эстеп калышсын деген ой болду»,- деп белгилейт спортчу. Ага кошумча мунун артынан башка кесиптештеринин беттештеринен турган дисктерди чыгарууга киришерин айтты. Уруш түрүндөгү спортко жакын келген Европада, АКШда бул эчак кадимки көрүнүшкө айланган. Бул иш Кыргызстанда биринчи болуп калмакчы. Азаматсың, Ален!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 514, 7-13-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан