ПРЕЗИДЕНТТИН КУБОГУ КАЙРАДАН «БӨРҮЛҮДӨ»

31-августта Бишкектеги «Аккула» ат майданында ат оюндары боюнча жыл ичиндеги эң ири салтанат жана көк бөрү боюнча КРнын Президентинин Кубогу үчүн болгон мелдеш аяктады. Туяктардан чыккан боз чаң алдында ат жарыштын бир канча түрү жана бүйүр кызыткан көк бөрү боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

«БӨРҮЛҮ» ТАККА КАЙТТЫ
Бул күнү ат майдан көк бөрү менен көшөгөсүн ачты. 5 күн ойнолуп келип, бул күнү үчүнчү жана биринчи орун аныктачу эки оюн калган. Оюн эртең менен саат 10до башталганына карабай күйөрмандардын саны арбын болду. Алгач 3-орун үчүн «Кожомкул» жана «Талас» командалары беттешти. Бул оюнда «кожомкулдуктардын» үстөмдүгү даана байкалып турду. 45 мүнөт ичинде алар атаандашы «Таластын» тай казанына 10 ирет улак салышты. Оюн 10:2 эсеп катыштыгында жыйынтыкталып, «Кожомкул» командасы 150 миң сом менен сыйланды.
Ал эми финалга сөз жок. «Бөрүлү» менен «Суусамырдын» оюну көп нерсени көргөздү: мыкты тактика, жогорку ылдамдык, кара күч... Аттар терге жуулса, улакчылар кара жанды карч ура ойноп жатышты. Байкуш улак бирде жапмага басылып, бирде атка тебеленип, улам тай казанга ыргытылып жатты. Мындай курч оюн оболу чемпиондук наам үчүн, анан ортого коюлган баш байге – 500 миң сом үчүн болгону айтпасак да белгилүү. Антсе да «Бөрүлүнүн» оюнуна таң калып, анын дарегине жылуу сөз узаткандар көп болду. Ошентип, «Бөрүлү» 5:1 эсебинде жеңишти өзү жакка оодара тартып кетти. Бир жыл тыныккан соң бул команда кайрадан чемпиондук такка отурду. Ал эми 2-орунду ээлегени үчүн «Суусамыр» 250 миң сом менен сыйланды.

1,5 МИЛЛИОНГО ТУРГАН АТ ЖАРЫШТАР
Мелдеш алдында маалымдалгандай, ат жарыштарга бөлүнгөн акчалай байгенин суммасы (көк бөрүнү кошпогондо) 1,5 миллион сомго жетти. Бул сумма Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору жана атайын демөөрчүлөрдөн чогулган. Албетте, мындай байге бар жерде арбын сандагы катышуучулар да болот. Жарышка өлкөбүздүн түрдүү аймактарынан, атүгүл казак жергесинен атайын күлүктөр келиптир. Бул жерде Өмүрбек Бабанов, Аалы Карашев сыяктуу бир катар саясатчылар жүрүштү. Айта кетсек, Бабановду премьерлик кызматтан оодарып түшкөн Islander One аттуу күлүгү жарышка түшүп, кыска аралыктагы жарышта 3-орунду ээледи. Ушул эле Өмүрбек мырзага тиешелүү Родион деген күлүк 4-болуп чыкты. Ал эми топ байгеде Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаевдин Катрал аттуу аргымагы үчүнчүгө чыкты.
Негизинен, ат оюндары 6 категория боюнча өткөрүлдү: бышты жорго, кунан чабыш, топ байге, аламан байге, кыска аралыкка жарыш жана жорго салыш. Алдыңкы бештикке кирген аргымактарга акчалай байгелер тапшырылды. Биз төмөндө алдыңкы үчтүккө киргендерин жана алардын алган байгелерин көргөздүк.

Бышты жорго (Аралыгы – 6600 метр, байге – 182 миң сом)
1-орун: Ганк (Казакстан). Байгеси – 90 миң сом.
2-орун: Чепрага (Тоң району) – 60 миң сом.
3-орун: Архимед (Казакстан) – 32 миң сом.

Кунан чабыш (8800 метр, 148 миң сом)
1-орун: Гамма (Аламүдүн району). Байгеси – 70 миң сом.
2-орун: Тифани (Казакстан) – 35 миң сом.
3-орун: Рейнжер (Чүй облусу) – 20 миң сом.

Топ байге (13 200 метр, 219 миң сом)
1-орун: Димон (Казакстан). Байгеси – 100 миң сом.
2-орун: Фирдаус (Түп району) – 60 миң сом.
3-орун: Катрал (Бишкек) – 40 миң сом.

Кыска аралыкка ат чабыш (2200 метр, 221 миң сом)
1-орун: I have no time (Казакстан). Байгеси – 110 миң сом.
2-орун: Дубави Галф (Казакстан) – 65 миң сом.
3-орун: Islander One (Бишкек) – 35 миң сом.

Аламан байге (19 800 метр, 372 миң сом)
1-орун: Кара Шумкар (Талас облусу). Байгеси – 180 миң сом.
2-орун: Сенатор (Чүй облусу) – 85 миң сом.
3-орун: Айкашка (Нарын району) – 55 миң сом.

Жорго салыш (8800 метр, 288 миң сом)
1-орун: Тайфун (Кочкор району). Байгеси – 140 миң сом.
2-орун: Акбар (Ысык-Көл облусу) – 90 миң сом.
3-орун: Гидросфера (Казакстан) – 50 миң сом.

КЕЧ КҮЗДӨ КӨРҮШКӨНЧӨ!
Ат жарыш менен көк бөрүдөн тышкары кыз куумай, эр оодарыш сыяктуу оюндар да болуп жатты. Эң негизгиси, бул оюндарды көрүү үчүн бир күндүк убактысын курман кылгандар өкүнгөн жок. Күнү бою аргымактарды, көк бөрүчүлөрдү сүрөп отурган жоон топ кечкурун гана тарады. Бул акыркы жолугушуу эмес. Бир аз чыдасак, кеч күздө көк бөрү жана жалпы ат оюндары боюнча Кыргызстандын Чемпиондугу башталат. Эмесе, ошол мелдештен көрүшкөнчө!

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 514, 7-13-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан