Бакыт Бешимов: «КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИН РАК КЛЕТКАЛАРЫНАН ТАЗАЛАШ КЕРЕК»

КСДП парламенттин мурунку чакырылышында бакиевдик режимге, анын парламенттеги бөрк ал десе баш алчу «ак жолчуларына» каршы туруп, аны менен күрөшкөн бир гана фракция эле. Исхак Масалиев башында турган коммунисттер эт менен челдин ортосундагылар болчу. Ошол маалдагы КСДП фракциясынын лидери, учурда АКШдагы атактуу Массачусетс Технологиялык институтунда жана Саффолк университетинде эмгектенип жүргөн, эл аралык уюмдардын жана жеке менчик компаниялардын кеңешчиси Бакыт Бешимовду кепке тарттык.

– 2009-жылдагы президенттик шайлоодон бери үч жыл өттү. Ошол маалда бирдиктүү оппозиция тарабынан чыгарылган бирден-бир талапкер Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабын жетектедиңиз эле. «Шайлоо күнү шашылыш чет жакка чыгып кетти» дешти. Кийин «АКШга бекеринен кеткен жок. Бакиевдерге сатылып кетти» деген кеп чыгарышты. Коомчулукка чындыгын айтчу кез келди го?
– Коомчулук билет, шайлоо күнү эмес, 25-августта, шайлоодон бир ай өткөндө, менин өмүрүмө ачык эле кол салышканда кеткенге мажбур болгонумду. Эл билет, эки жолу К.Бакиевди Конституциялык Сотко бергенимди, Ж.Бакиев башкарган СГО жана наркотрафик жөнүндө депутаттык иликтөө жүргүзгөнүмдү. 2009-жылкы атайын жазылган «Клан убийц» деген макаламда, Жогорку Кеңешке расмий кайрылуумда жана «Азаттыктын» кээ бир материалдарында бул жөнүндө так айтылган.
Эл жакшы эле түшүнөт, ким 2009-жылы 23-июлда Бакиевге элдин добушун уурдаганга, мыйзамсыз мөөнөтүн узартканга жардам бергенин. Бакиевдер кутуруп, үй-бүлөсү менен ачык террорго өтүшкөнү элдин эсинде. Алардын «репрессиялык машинеси» кимдин колдоосу менен иштегенин эл унута элек. Ойлонгон адамдар билишет, ким кандай максат менен мен жөнүндө атайын ушак таратканын. Өткөн үч жыл адамдардын көп нерсеге көзүн ачты, арамзалардын жашыруун сырлары ачыла баштады.

– «Алмазбек Атамбаев шайлоодон утуп чыкпаса да, көп добуш топтомок. Шайлоо күнү Жеңишбек Назаралиев экөө шашылыш маалымат жыйынын өткөрбөш керек эле. Жыйындан кийин аларга ишенип отурган калк эмне кыларын билбей калды. Ошол идеяны да Бакыт Бешимов жараткан, ошол көндүргөн» деп жатышты. Кандайча ошол кадамга бардыңыздар эле?
– 23-июлда маалымат жыйынында президенттик шайлоо толугу менен фальсификация болгону жөнүндө айтылды. Суроо туулат. Үч жыл өттү ошондон бери. Мүмкүнчүлүк бар. Эмне үчүн 2007-жылкы Жогорку Кеңешке жана 2009-жылкы президенттик шайлоолор фальсификация болгон үчүн кылмыш иштери азыркыга чейин ачылбады? Чындыкты издегендер кылмыш иштерин ачып, чекит коёт эле, ушак жана калптын артына бекинбей.

– Менин билишимче, ал шайлоого сиздер катуу даярдык жана бекем ишеним менен баргансыздар. Атүгүл шайлоого саналуу гана күндөр калганда сиз менен сүйлөшүп калганым эсимде, Бакиевдерди айтып, «булардын күнү бүттү, алдастап жатышат» деген элеңиз. Эмненин негизинде айтылды эле?
– Ооба, эл ал убакта Бакиевдерден аябай тажап, алардын үй-бүлөлүк кылмыштуу башкаруусунан кутулуштун жолун издеп калган.

– Апрель революциясынан соң бийлик партиялаштарыңыз Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаеваларга өттү. Бирок сиз кайрылып келбедиңиз. Бул окуя «Бакиевдерге сатылышы мүмкүн эмес» деп жүргөн тарапташтарыңыздын демин суутту. Мекениңизге кайрылып келүүгө эмне тоскоолдуктар бар?
– Апрелден кийинки саясий багыт менин кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү боюнча көз карашыма оң келбеди. Ал жөнүндө учурунда ачык эле айттым. Кийинки каргашалуу окуялар ойлорумдун тууралыгын ырастады. Ишеничи акталбаганына азыр эл нааразы. Түшүнгөн элге эки нерсе айкын болду. Биринчи, мамлекетти өнүктүрүү азыркы саясий элитанын колунан келбесине. Экинчи, натыйжалуу иштей турган күчтү алдыга чыгаруу. Бирок бул тез жана шарт болчу иш эмес.

– Сиз, балким, Америкада көңүлгө тынчтык таап, ошого шүгүр кылып калдыңыз?..
– Азыркы жумушум жана ойлорум мурдагыдай эле мекеним Кыргызстан менен байланышкан.

– Акаев куулду, Бакиев куулду, Отунбаева бийликти тынч жол менен өткөрүп берди, бирок... Кыргызстанда дале кымгуут жашоо. Партиялар менен партиялардын, өлкө башындагы жетекчилердин өз ара тирешүүсү жүрүүдө. Сизге да иштешүү боюнча сунуштар түшкөндүр?
– Туура айтасыз. Президенттер куулушканы менен, алардын идеологиясы күчүндө. Кадрлары отурушат. Карагыла, бийликте баягы эле адамдар. Тышкы көрүнүшү, сөздөрү өзгөргөнү менен, адаттары эски. Булар рак оорудай мамлекетти ичинен жеп жатышат. Ошондуктан өлкөбүз улам алсырап баратат.

– Кемчиликтер сырттан караган адамга даана байкалат. Азыркы бийликтин көзгө оркоюп көрүнө турган эмне кемчиликтери болууда?
– Мамлекеттин денесин кеч боло электе рак клеткаларынан тазалаш керек. Андан кийин кезек кемчиликтерге келет.

– Азыркы парламенттин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз? «Ак жолдун» тушунда иштеген сиздердин ишмердүүлүк менен азыркылардын айырмачылыгы, кемчилиги, жетишкендиктери эмнеде?
– Менин кыргыз өлкөсүн өнүктүрүү боюнча саясий философиям эки идеяга таянат. Биринчи – элдин кызыкчылыгына жана пайдасына иштеген кыргыз мамлекетин түзүү. Экинчи – кыргыз экономикалык кереметке жетүү. Максатты коюп, пайдалуу реформалар аркылуу өлкөнү оңдосо болот. Өткөн жылдары, парламенттин мурунку чакырылыштарында идеяларымды алдыга жылдырыш үчүн кимдер менен гана аракет кылбадым. Тилекке каршы, жалпы элдин таламдарын ойлоп, натыйжалуу иштеген саясий күчтү түзүү мүмкүн эмес болду. Президенттер колдоочулары менен элди алдап, өз камын эле көрүштү. Чуулгандуу оппозициянын көпчүлүгү элди курал кылып, бийлик жана байлык талашты. Эки күч тең тартипти жана мыйзамдуулукту бузуп, анархияны орнотту. Натыжайда, адашкан жолдо турабыз, өнүкпөй. Канча убакыт текке кетти?! Парламенттик башкаруу формасына өткөнүбүз менен, дагы эле суроо турат, биз өнүгөбүзбү же чыр-чатактан башыбыз чыкпайбы? Башкы саясий багытты, экономиканын негизги параметрлерин, идеологиянын түпкү маңызын ким аныктайт? Азыр кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн ордосу кайсы жерде экени белгисиз. Ордосуз жана башкы идеясыз мамлекет өнүгөт беле?!

– Өкмөт кетти. Жаңы өкмөт жакшы болоруна ишенесизби?
– Чынында, мыйзам ченемдүү жарыш болбой эле, бийлик талашуунун катаал согушу уланат. Ошондуктан кийин ички кармашуудан же тыштан катуу сокку алып, кезектеги өкмөт жалпы бийлик менен кайрадан ыдырайт.
Түшүнсөк болот эле, Борбордук Азия эң коркунучтуу абалга келип калды. Элдер жаңылануу жолун өздөрү табышпаса, тарых аларды жардан кулатып, кыйноо аркылуу туура жолду издегенге мажбур кылат. Тарыхтын башкы логикасы ушул.

Шаиста Шатманова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aote
2012-09-10 10:45:49
dagy payda boldunbu?ne biylikke suusap jatasynby?
0
kuba91
2012-09-11 12:16:51
azamatsiz baike sozunuzgo 100 kshulam sizdei kirgizdin uulu bar ekenine siimiktanam. Siz chet jerde jurgon jigerduu ilimduu bilimduu jawtardi toptop jani kuch tuzup bul kirgizstandi rak kletkasinan tazalaniz. ishinizge iigilik!!!!!!
0
stan.kg
2012-09-13 17:21:19
Туура айтат Бешимов.Башка өлкөдө жүргөндөн көрө Кыргызстанга келип башка мамлекеттен алган жакшы нерселерин айтып же ошолорду ишке ашырып мамлекет үчүн өз билгендерин иш жүзүндө көрсөтсө жакшы бомок.
0
№ 514, 7-13-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан