ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (10-сентябрдан 16-сентябрга) чейин

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада таарынышып кеткен адамдар менен тил табышасыз. Жумуш жаатында өнөктөштөрдү көндүрүп, ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоо керек. Ошондой эле бул аптада каржылык абалыңызды чыңдоого шарт түзүлөт. Жума күнү иш боюнча түшкөн сунуштан баш тартканыңыз оң. Сиз үчүн пайда алып келбейт. Дем алыш күндөрү көптөн күткөн тилектериңиз орундалат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Активдүү болсоңуз, аптанын иш күндөрү ишиңизде жакшы жетишкендиктерге ээ боло аласыз. Бейшембиде жумуш ордун которууну көздөсөңүз, акыркы чечимди ойлонуп чечиңиз. Жаңы иш ордуңуз ойдогудай болбой же ара жолдо калышыңыз мүмкүн. Апта соңунда конок күтөсүз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бул аптада өз күчүңүзгө таянып чечкиндүүлүк менен аракет кылсаңыз, бүтпөй келген иштерди соңуна чыгарасыз. Чечим кабыл алууда өзүңүзгө пайдалуу жагын карап, башкалардын оюна кулак салбаңыз. Бейшембиде эски сүйүүнүн оту кайрадан тутануусу күтүлүүдө. Жекшембиде жол жүрүүдө сак болуңуз, ден соолугуңузга зыян келүү коркунучу бар.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дүйшөмбүдө каржы тартыштыгы жаралат. Шаршембиде олуттуу маселенин үстүндө сүйлөшүү орун алмакчы. Жыйынтыгы сиз күткөндөй болуп, маңдайыңыз жарыла кубанасыз. Жекшембиде бүтүрүүдөн качып кийинкиге калтырган ишиңиз келерки аптада маселе жаратат дешет жылдыздар.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптанын алгачкы күнү маанилүү маалыматка ээ болосуз. Бул сиз үчүн пайдалуу. Шаршембиде капчыгыңызды кампайтууга болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланып калыңыз. Бейшембиде жалгыздыктан тажагандарга сүйүү кубанычын тартууламакчы. Дем алыш күндөрү тамак-аштан улам ден соолугуңуз кескин начарлап кетиши мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жалкоолук жана кайдигерлик ишиңизди артка тартып коёру эсиңизде болсун. Сүйүү жаатында айрымдар түгөйү менен кол үзүшүп калуу коркунучу да бар. Шейшембиде акчаңызга сак болуңуз. Жоготуп же алданып калууңуз мүмкүн. Жума күнү жаралган маселеге көңүл чөгөрбөңүз, убакыт өзү чечет. Жекшембиде жеке жашооңузга байланышкан чечим кабыл алууга туура келет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Качандыр бир кезде өчкөн сезимдер тутанып, жеке жашооңузга өзгөрүүлөр кириши күтүлүүдө. Шейшембиде талашып-тартышкан тараптардын бирине тартпай, калыс мамиле жасаңыз. Жума күнү чоң суммадагы каражатка ээ болосуз. Жекшембиде эски тааныштарга жолугуп, чериңиз жазыла эс аласыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Күтүлбөгөн окуя жашооңузду жакшы жагына бурат. Бирок орун алган окуяга маани бербесеңиз, тагдыр буюрган белек колуңуздан учуп кетиши ыктымал. Шейшембиде түшкөн сунушка жок дебеңиз, сиз үчүн пайдалуу болмокчу. Бейшембиде жардам суроодон тартынбаңыз. Апта соңунда эс алуунун ордуна үй иштери менен алектенүүгө туура келет.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын негизги окуясы алыстагы коноктордун келиши болмокчу. Андыктан даярдыкта болуңуз. Шаршембиде бизнес чөйрөсүндөгүлөрдү ийгилик коштойт. Жума күнү жетекчилик эмгегин баалап, айрымдардын айлык акысы жогорулашы күтүлөт. Жекшемби күнү айрымдар баш кошууга кадам ташташат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Дүйшөмбүдө талаштуу маселелерди чечүү менен алек болосуз. Бул аптада чырга себепчи болбоюн десеңиз, сабырдуу болуңуз. Шаршембиде иш боюнча маанилүү жолугушуулар күтүүдө. Бейшемби издеген адамыңызга жолугуп калышыңыз мүмкүн. Жекшемби көңүл ачууга арналып, жаңы таанышуулар менен коштолот.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта бир катар кыйынчылыктар менен коштолот. Карызы барлардын айласын доочулары түгөтөт дешет жылдыздар. Үй-бүлөдө түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн. Эмоцияга алдырбай чечүүгө аракет кылыңыз. Болбосо соңу өкүнүч менен аяктап калат. Дем алышта каржы тартыштыгына кабылып, жакындардан жардам суроого туура келет.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптанын алгачкы күндөрү тобокелчиликке салып иш баштабаңыз. Жыйынтыгы ойлогондон тескери жакка кетиши мүмкүн. Шаршембиде жакыныңыздын жаман ишинен улам көңүлүңүз бузулат. Мындай учурда маселени бир пикирге келүү менен чечкенге аракет жасоо керек. Жума күн ишкерлер үчүн жемиштүү сунуш тартуулайт. Жекшембиде тынч жашоо образын өткөрүүгө аракет кылыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 514, 7-13-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан