«Апамдын махабаты» сериалындагы ролунан кийин калктын калың катмарына аты сиңген таланттуу актриса Айжан Акылбекованы эл али эсинен чыгара элек. Маңдайы жарык, сулуу жүздүү актриса «Замандаш» ассоциациясы менен партиясынын негиздөөчүсү, кыргыздын сыймыктанар уулу, маркум Мухтар Өмүракуновдун экинчи жубайы эле. Турмуш жолуна аттангандан кийин карьерасын жыйыштырып салган актриса биз менен жан дүйнөсүндөгү муң-зары менен бөлүштү.
«22 ЖАШЫМДА ТУРМУШ ЖОЛУНА АТТАНДЫМ»
– Мен 1983-жылы Бишкек шаарында төрөлгөм. Ал кезде апам студент экен, андыктан 12 жашка чейин таята-таенемдин колунда, Жумгал районунда өстүм. Балалыгымдын эсте каларлык күндөрү ошол жерде өттү. Апам – милициянын майору, маалымат борборунун башчысы. Үй-бүлөдө апамдын жалгыз кызымын.
Мен ушундай адаммын, бир нерсени бүтүрүп, жыйыштырып туруп, анан экинчисине өтөм. Жашоомдо да ушундай болду. Окуумду бүтүп, дипломду алып, анан турмушка чыгам деп максат койгон элем. Ал тилегим орундалып, окуумду кызыл диплом менен аяктап, кинодо 7-8, ал эми театрда 30га жакын ролдорду аткардым. Жаштар сыйлыгын алып, аз да болсо элге таанылып, койгон максаттарыма жеткенден кийин 22 жашымда турмуш жолуна аттандым.
«18 ЖАШ АЙЫРМА СҮЙҮҮГӨ ТОСКООЛ БОЛБОДУ»
– Мухтар экөөбүздүн ортобуздагы 18 жаш айырма үй-бүлө очогун курууга тоскоолдук жараткан жок. Ал менин жана уулдарымдын көз алдында төгөрөгү төп келишкен идеалдуу ата жана күйөө бойдон кала берди.
Абдан баласаак, камкор адам эле. Ортобузда үч уулубуз бар. Улуу балам Бакай 6 жашта, андан кийинки Атахан 5те жана эң кичүүбүз Адам 3 жашта. Бакай быйыл 1-класска барды. Уулдарым күн сайын атасына куран окуп, жума сайын мечитке барышат. Бир күнү алардан эмне дуба кылышарын сурасам, «атам көп жашасын» деп айтышат экен. Мен «антип эмес, бейишке чыксын деп дуба кылгыла» деп үйрөтүп койдум.
«АДАМЗАТ АЛСЫЗ ПЕНДЕ ЭКЕНБИЗ»
– Буулукканда чет жерлерге көп чыгам, айрыкча мусулман өлкөлөрүнө. Мен үчүн Кыргызстанда жашоо өтө кыйын болуп калды. Кайсы жерге барбайын, Мухтар экөөбүз чогуу басып жүргөн жерлер эсиме түшөт. Жадакалса сыналгы көргөндөн корком, мага сыналгыдан чыгып келчүдөй туюла берет. Ал каза болгондо элдин көзүнчө уят деп ичтеги бугумду тыйып чыдаганым менен, намаз окуганда көз жашым кадимкидей куюлуп турчу. Жашоо биз каалагандай болбойт экен. Алган жаңы көйнөгүңдү жыртканга үлгүрөсүңбү же жокпу, бир секунд көз ирмемден кийин эмне болорун билбейт экенбиз.
Эң жакын адамым көз жумду, мен аны аман алып калуу үчүн жанымды берүүгө даяр элем, бирок колумдан эч нерсе келбеди. Керек болсо мен үчүн баарына даяр апам да мага жардам бере албай турду. Адамзаты ушундай бир алсыз пенде экенбиз. Мухтарды акыркы сапарга узатканда мен тура албай жатып калгам. Жаткан абалымда тамчылатма дары (капельница) менен Нарынга барып, жерге берген соң кайра ошол абалда келдим. Жашоомдо андай адамды кезиктиремби же жокпу, белгисиз. Кайра турмушумду жаңыртуу такыр оюмда жок. Мен турмушка чыгуу үчүн Мухтар кайра төрөлүш керек.
«УУЛУМ АТАСЫНЫН КИЙИМДЕРИН ЖЫТТАП, САГЫНАТ»
– Уулум Бакай – үйдө кожоюн. Ал дайыма инилерин, керек болсо мени да «бир жакка чыкканда менден уруксат сурагыла, мен атамдын орун басарымын» деп айтып калат. Бир нерсе кыларда сөзсүз «атам ушинтчү беле?» деп сурайт. Атамбаевдин инаугурациясын сыналгыдан көрүп отуруп экөөбүз аябай ыйладык, «атабыз тирүү болсо, ушулардын арасында жүрбөйт беле!» деп. Бакай бир күнү «апа, мен президент болом» дейт, «эмнеге?» десем, «атам президент болмок, мен сөзсүз болом!» деп мени таң калтырды. Менден дайыма «апа, атамдын кийимдерин мен үчүн сактап кой, чоңойгондо кием» деп суранат. Керек болсо кол жазмасын да атасыныкына окшоштуруп, туурап жазгысы келет. Кийимдерин берип койсом жыттап, баскан жерлерине баргысы келип, абдан сагынат. Балдарым мага Мухтарды көп эстеттиришет. Ичтен сызып, аргасыздан атасынын кыял-жоруктары тууралуу айтып бергенге туура келет.
«МУХТАРДЫН ТУУЛГАН КҮНҮНДӨ ТӨРӨГӨН КЫЗЫМ ЧАРЧАП КАЛДЫ»
– Мухтар каза болгондо жети айлык боюмда бар эле. Төрт бала төрөдүм. Төртөө тең алдын ала пландалган операция жолу менен төрөлүшкөн. Анткени менин тубаса бөйрөк оорум бар, өзүм төрөгөнгө ден соолугум туура келбейт. Мисалы, дарыгерлер мага «баланча күндөн түкүнчө күнгө чейин бала жетилип, операция кылганга мүмкүн болуп калат» деп айтышат. Мен бир күндү тандайм, ошондо операция жолу менен баланы төрөтүшөт. Кызымды Мухтардын туулган күнүнө жакын төрөй турганым болжолдонгон. Ошондо Мухтар экөөбүз наристе 19-июль – Мухтардын туулган күнүндө төрөлөрүн билген элек.
Мухтар көз жумгандан кийин дарыгерлердин «баланы алыш керек, ден соолугуң начарлап жатат» дегендерине макул болбой, 9 ай дарыгерлердин такай көзөмөлүнүн алдында болуп көз жардым. Тилекке каршы, кызым тубаса жүрөк оорусу менен төрөлүптүр. Өзүм да наркоздон бир күндөн кийин ойгонупмун. Тура албай жатып кызымды көрсөтүүсүн сурандым. Дарыгерлер өтүнүчүмдү аткарышып, мени коляскага салып алып барышты. Вакуумда жаткан жеринен колума алсам, ушундай ыйлап жиберди. Буга дарыгерлер да таң калышты. Анткени араң дем алып жаткан экен. Анын ыйлаган үнү «апа, мени коё берчи!» дегендей эле угулду, себеби аябай кыйналыптыр. Ошол түнү түшүмдө кыйналып, аба жетпей терезенин жанында турсам, дарыгер кирип «кызың үзүлүп баратат, 2-3 мүнөт калды, коштошуп ал» дегенсиди. Шок абалымда оорумду сезбей, кантип астыңкы кабатка чуркап түшкөнүмдү билбейм. Барып колума алсам, жыпжылуу, дагы эле тирүү кезиндей (ыйлап). «Энелик сүтүмдөн кечтим» деп айтып, өз колум менен узаттым.
Мухтар менен кызым Фатиманын кеткенине дагы деле ишенбейм, анткени дайыма мени менен эле жүргөндөй сезиле берет. Ошол окуядан бир топтон кийин бир китепти окусам, «өлгөндөн кийин сөзсүз сүйүктүү адамдарыңар менен болосуңар» деген хадис бар экен. Фатима чарчагандан кийин кайним Нурландын «наристелер тиги дүйнөдө ата-энеси үчүн бейиш сурашат» деп айтканы да мага кайрат берди. Ушул жогорудагы эки сөз мени оор абалдан алып чыкты. Балким, Мухтарга кызы жардам берип жаткандыр. Кубада жүргөндө мага телефон чалып, «кызыма ысым тандаба, мен өзүм коём» деп айткан эле.
Фатима деп атын кайним Нурлан койду. Билсеңер, Фатима – Мухаммед пайгамбардын сүйүктүү кызы. Ал да атасынын өлүмүнөн кийин каза болуп калган.
«ЖАН ДҮЙНӨМДӨ МАЙРАМ БОЛБОГОНУНА КӨП БОЛДУ»
– Жашоомдогу жоготуулардан мени Кудайга болгон ишеним гана сактай алды. Ооба, ислам мени өзгөрттү. Көрсө, сага жан адам жардам бере албай турган кезде Алла Таала гана жардамга келет экен. Менин жан дүйнөмдө майрам болбогонуна көп болду, бирок акыркы жолу ажыга барганда мени кадимкидей жагымдуу сезимдер чулгады. Ушунчалык жеңилдеп, оор жүк ийиниңден түшкөндөй болот экенсиң.
«ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА КАЙТЫП КЕЛДИМ»
– Учурда белгилүү бир телеканалдардын биринде автордук берүүмдү ачканы турам. Андан сырткары Ассоль Молдокматова менен бирге «Фатима» деп аталган хиджабдардын коллекциясын чыгарганбыз. Идея Ассолго таандык, ал эми каржы тармагын мен тейледим. Учурда ал долбоорду өз алдынча улантуунун үстүндөмүн. Актрисалык кесибимди улантпасам да, журналисттик адистикке окуп, буюрса, бул чөйрөдө ийгиликтерди жаратам деп ойлойм. Балким, кийинчерээк кинотасмаларга продюсерлик кылып калам, ким билет...
Лунара Бекиева
star@super.kg