ЭКСПОРТТО ТИРҮҮ ТОВАР ЖЕ УЧУРДАГЫ КУЛЧУЛУК

Кыргызстандагы жумушсуздук калкты бөтөн жерден жумуш издөөгө мажбур кылып, жыл сайын миңдеген кыргызстандыктар иш издеп чет өлкөлөргө кетишүүдө. Жумуш издөөдө алардын кандай кыйынчылыктарды көрөрү бир гана өздөрүнө жана Кудайга белгилүү. Алардын арасында алдамчылардын колуна түшүп, зомбулукка туш болуп, каза болуп же дайынсыз жоголуп кеткендери да арбын.

КУЛЧУЛУКТУ ДАЛИЛДӨӨ ООР
Мурун согушта туткунга түшкөн жоокерлерди, элди басып алып кулга айландырышса, азыркы учурда адам кул катары иштеп жатканын өзү да билбей алданып калат. «Жумуш таап берем», «документиңди каттап берем» сыяктуу алдоолор көп. Алдамчыларды жолуктуруучу жайлар болуп моделдик, нике жана чет өлкөгө жумуш табуучу агенттиктер, кээде туристтик фирмалар да эсептелет. Бардык жерде схемасы окшош, алгач документтер алынат, андан ары коркутуу-үркүтүү, күч колдонуу, аргасыз кылуу, аз акчага же бекер иштетүү. Мындай жумушчулардын абалы чет өлкөдө мыйзамсыз жашагандыгы үчүн коркуп, бийлик органдарына кайрылгысы келбегендигинен да күчөп кетет.
Биздин жарандар өлкө ичинде да, чет өлкөдө да жумушка орношордо жеке тааныштарына кайрылууну туура көрүшөт. Мамлекеттик жумушка орноштуруу кызматтарына караганда жеке агенттиктердин жана ортомчулардын кызматтары көбүрөөк колдонулат.

«КЕКИРТЕГИМЕ БЫЧАК ТАКАП КОРКУТУШТУ»

Орусияга барып кулчулукка кабылгандардын бири Кайрат Догдурбек уулу төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Ушул жылдын январь ай­ында Бишкекте «Стройнекст» деген фирма менен келишим түзүп, 40 киши Краснодар шаарына кеткенбиз. Фирманын Виктор Викторович деген кызматкери бизге «бардык шарттары бар мейманканада жашайсыңар, маянаңар 35 миң рублдан жогору болот» деп ишендирип, келишим түзгөнбүз. Баргандан кийин бизди армян, чечен, дагестандыктарга өткөрүп берди. Алар каттоодон өткөрөбүз деп паспортубузду алып коюп бербей коюшту, алты жигит чырдап жүрүп, акыры паспортторубузду алдык. Мурунтан иштеп жүргөн балдар паспортторун сураштан да коркуп калышыптыр. Алардын колунда 100дөн ашуун кыргыз иштейт экен, 6 ай, 1 жыл, андан көп убакыт иштеп айлыктарын алышкан эмес. Акчасы жок мекенине кете албай жүргөн кош бойлуу келиндер да бар. Кышкы суукта жаңы куюлган бетон үстүнө бир матрас салып жатып 3 ай иштедик. Айлыгыбызды бербей койгондон кийин алты жигит башка жумуш издеп жүрүп түрктөрдүн фирмасына орноштук. Ал жерден алган алгачкы айлыгыбызга кете албай жүргөн кош бойлуу келиндерди Кыргызстанга салдык. Төрт бала Москвага барып иштейбиз деп кетип калышты.
Түрктөрдүн фирмасында иштеп жүргөндө чечендер келип мени кармап, Кубань дарыясынын жанына алып барып, кекиртекке бычак такап коркутушту. Анан паспортумду алып коюп, кайра өздөрүнүн курулушуна алып барып башка кыргыздардан бөлүп иштетишти. Таңкы алтыдан кечки онго чейин иштечүмүн, баскан-турганымды, дааратканага барганымда да чечендер кайтарып жүрүштү. Чогуу иштеген 2 жергиликтүү жигит мага Краснодардан качууга жардам беришти.

«КУЛ САТУУЧУЛАР ЖАЗАЛАНБАЙ ЖАТАТ»
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын чет өлкөлүктөргө байланыштуу кылмыштар жана киши сатууга каршы бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нурлан Мурзаев ушул жылдын 8 айында чет өлкөдө кулчулукка кабылган 50дөй адам мекенине кайтарылып келингенин жана киши сатуу боюнча 9 кылмыш иши ачылып, сотко өткөрүлүп берилгенин билдирди.
– Чет өлкөгө турмуш куруу үчүн кетип жаткан аялдардын көпчүлүгү алданып барып калып, бала багуучу, суррогат эне, оорулууну багуучу, бала кароочу жана сойку катары иштеп калып жатышат. Буга көбүнчө күйөө таап беребиз деген нике агенттиктер «жардам» беришет. Нике агенттиктер ар бир чет өлкөлүк кардардан 10-15 миң доллардан пайда көрүшөт. Кыргызстанда иштеген нике агенттиктеринин көбүнүн жетекчилери Кыргызстандын жараны эмес. Нике агенттиктеринин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл. Себеби чет өлкөгө сатылып кеткендер арыз жазган күндө да, биздин мыйзамда так жазылбагандыктан, оңой эле жоопкерчиликтен кутулуп кетишүүдө. Ал үчүн Жогорку Кеңешке, Башкы прокуратурага кул сатуучуларга карата кылмыш кодексине толуктоо, өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатабыз.

«КУЛЧУЛУККА КАБЫЛГАНДАР АЧЫККА ЧЫККЫСЫ КЕЛБЕЙТ»
Тышкы иштер министрлигинин алдындагы тышкы миграция департаментинин адиси Каниза Иязалиеванын айтымында, кулчулукка дуушар болгондордун көпчүлүгү өздөрүнө кайдигер мамиле кылышат. Ачыкка чыккысы, ал тургай укук коргоо органдарына кайрылгылары да келишпейт. 2008-жылдан 2011-жылга чейин 700дөн ашуун кулчулуктун курмандыктарына мекенине кайтууга жардам берилген. Аларга медициналык, психологиялык жана укуктук жардам көрсөтүлгөн.

Эгер сиз чет өлкөдө иштөөгө ниеттенсеңиз...

  • Колдонуудагы паспорт жана жумуш визасы сөзсүз керек.
  • Сизге жумуш сунуштаган агенттиктин мыйзамдуу иш алып барарын текшериңиз.
  • Келишимдин, паспорттун көчүрмөсүн, ошондой эле өзүңүздүн акыркы түшкөн сүрөтүңүздү жакындарыңызга калтырууну унутпаңыз.
  • Паспортуңузду эч кимге бербеңиз.
  • Сиздин коопсуздугуңузга чет өлкөдө коркунуч келтирилсе, жакын жердеги Кыргыз Республикасынын Элчилигине, өкүлчүлүгүнө же ошол жердеги укук коргоо органдарына кайрылыңыз.

Адистердин айтымында, көбүнчө укуктук жактан сабатсыз адамдар кулчулукка кабылышат. Эч кандай документ, келишими жок, сөз түрүндө гана макулдашып алып, башка өлкөлөргө чыгып кеткендер көп. Ошондуктан сыртка иш издеп кетип жаткан болсоңуз, өз укугуңуз жөнүндө билип алыңыз жана кыраакы болуңуз!

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ 27 МИЛЛИОН КУЛ БАР
АКШнын мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, дүйнө жүзүндө 27 миллион кул бар. 2011-жылы 42 миң гана киши кулчулуктан бошотулган. БУУнун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жыл сайын 5 миллиондой адам киши сатуунун курмандыгы болот. Кыргызстанда жылына 5 миңдей адам эмгек жана сексуалдык кулчулуктун туткунуна айланат экен. Киши сатуу пайда алып келүү жагынан баңгизатын жана курал сатуудан кийин эле үчүнчү орунда турат. БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы киши сатуу уюшкан кылмыштуу топторго жылына 32 миллиард доллар киреше алып келет деп эсептейт.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Экспортто тирүү товар же учурдагы кулчулук
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Melis-Aruuke
2012-09-10 22:55:18
окунучтуу
0
omo93
2012-09-14 00:55:33
озунуда ошондой кылыш керек акмакты
0
№ 514, 7-13-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА