Ырлары менен көпчүлүктүн жүрөк кылдарын чертип өткөн сүймөнчүк америкалык топ «Backstreet Boys» кайрадан толук курамы менен сахнада. Алар жакында эле «Америка, кутман таңың менен!» аттуу шоу-программага катышып, ырларын чогуу аткарып берүүгө жетишишти. Биз сүйгөн Ник Картер, Брайан Литтрелл, Кевин Ричардсон, Хауи Дороу жана Эй Жей Маклиндерди эми кайрадан сахнадан бирге көрөт экенбиз.
Эске салсак, топ 1993-жылы Орландо шаарында түзүлгөн. Дүйнөлүк атакты 90-жылдардын аягында багындырышкан. 2006-жылы аталган топтон Кевин Ричардсон чыгып кеткен. Муну ал «топтон кетүү убактысы келди деп ойлойм. Мен үчүн бул чечим кыйынга турду. Бирок жашоомдо жаңы барактарды ачуу үчүн зарыл чечим болду. Хауи, Брайан, Эй жана Ник дайыма менин инилерим болуп кала беришет. Аларды аябай жакшы көрөм жана колдойм. Топтун фанаттарына чогуу өткөргөн сонун көз ирмемдер үчүн рахмат айтам» деп гана түшүндүргөн. Жашоосунда жаңы барактар ачылып бүткөн бейм, минтип топко кайра кошулуп, күйөрмандарын кубантууну чечиптир.