Бул ирет киноактёрлорго көз тийгенби, айтор, жоготуулар көп болду. Жакында гана актёр-режиссёр болгон 36 жаштагы Сейж деген уулунан ажырап, кайгы тартып турган чакта Сильвестр Сталлоненин үйүнө дагы бир каргаша кошулду. Тагыраак айтканда, 49 жаштагы эжеси Тони Жаклин Сталлоне рак оорусунан каза тапты.
Андан алыс кетпей Голливуд актёру, «Жашыл чакырым», «Армагеддон», «Маймылдар планетасы» тасмалары менен таанымал Майкл Дункан 55 жаш курагында жүрөк оорусунан жан берген.
Ошол эле чакта Орусиянын белгилүү актёру Дмитрий Певцовдун 22 жаштагы Даниил аттуу уулу 3-кабаттын балконунан капыстан түшүп кетип, көпкө дарыгерлер жаны менен алышса да, бул дүйнө менен кош айтышкан.