Учурда Британия ханзаадасы Гарри коомчулуктун көңүл чордонунда. Анын достору менен кече уюштуруп, жеңилген адам чечинмей оюнунан улам жылаңач калган сүрөттөрү интернетке жайылган. Аталган окуя британ коомчулугунда чоң резонанс жаратып, ханзааданы колдогондор да табылды. Социалдык сайттардын биринде ханзааданы колдогон топ түзүлүп, ал топтун катары калыңдап барат. Алар да жылаңач болуп тизилип түшкөн сүрөттөрүн интернет барактарына жайгаштырышууда. Колдоп, сүрөт жайгаштыргандардын саны учурда 35 миңден ашты. Бул кылыгы үчүн ханыша чоң энеси Елизавета II 28 жаштагы Гарриге рыцардык орден берүүгө али эрте экенин айткан. Анын агаларынын баары эле рыцарлар экенин айта кетпесек болбос.
Агасы ханзаада Уилиам бул титулду 4 жыл мурда 26 жашында алса, Гарринин атасы ханзаада Чарльз мындай титулга 9 жашында эле ээ болгон. Бул окуя Гарри тууралуу компьютердик оюндун жаралышына да түрткү болду. Оюнда жылаңач Гаррини фотоаппарат жана камералардан сактап калып, мейманкананын ичинен алып чыгыш керек.