Кучера менен Аврова жана
Александр Буйнов
Алижан Ибрагимов деген ат сизге тааныш болбосо да, граф дегенди угуп жүрсөңүз керек. Ал 58 жаштагы уйгур улутундагы миллиардер. Учурунда Токмоктун тургуну болгон Алижан мырза 2012-жылы белгилүү «Forbes» журналынын тандоосу боюнча 2,8 миллиард доллар байлыгы менен дүйнөдөгү бай адамдардын 418-катарынан орун алган.
Ушул жылдын 25-августунда Алижан мырза уулдарынын бирин үйлөп, Токмоктогу тойго орусиялык жана өзбекстандык атактуу ырчы, алпаруучуларды чакыргандыгы тууралуу маалымат интернеттеги социалдык тармактарга тарап, сүрөттөрү илинген. Кызыгы, бул кечеге бир дагы кыргыз атактуусу чакырылбаптыр. Орусиялык ырчылардан Ева Польна, Александр Буйнов келсе, кеченин алпаруучулары орусиялык телеалпаруучулар Оскар Кучера, Обид Осамов жана Аврора болгон. Өзбекстандык ырчылардан Озода, «Болалар» тобу, «Паризода» бийчилер тобу келген. Николай Басков менен Алла Пугачёва да сыйлуу коноктордун тизмесинде болгону тууралуу имиштер чыккан. Бирок алар келбей калышкан көрүнөт.