«Бир жолу берүүнү алпарып жатып Игорь жашып кетип, сахнанын артына барып ыйлап келген. Кийин ал кадрларды кестирип салган»,- деп эскерет «Мени күт» теледолбоорунун алпаруучусу, актёр Игорь Квашанын боорукерлиги тууралуу анын бир кесиптеши. Бир ирет чөгүп бараткан баланы куткарып калгандыгын да айтып жүрүшөт. Сөз баарыбыз сүйүп көргөн Орусиянын 1-каналындагы «Мени күт» телеберүүсүнүн алпаруучусу Игорь Кваша тууралуу болмокчу. Адамдардан жардамын аябаган ушул жоодураган көздөр эми түбөлүккө жабылды. Кваша 30-август күнү саат 17:00 чамасында Москвадагы ооруканалардын биринде жүрөгү токтоп каза тапты. Бул кабар мекендештеринин гана жанын кейитпестен, КМШдагы жалпы көрөрмандарды да үшкүрттү.
Советтик жана орусиялык театр, кино актёру, режиссёр, телеалпаруучу, Орусиянын Эл артисти Игорь Кваша 1933-жылы 4-февралда Москвада жарыкка келген. Анын ролундагы тасма жана спектаклдер жүздөп саналат. Элге жакшы таанылып калгандары: «Республиканын мүлкү», «Баягы Мюнхгаузен», «Жашыруун кеңешчи» жана башкалар. Ал 1990-жылдардын башында КВНдин Жогорку Лигасында калыстар тобунун катарын толуктаган. 1998-жылдан баштап жоголгонду табыштырган, издегенди кезиктирген «Мени күт» телевизиондук ток-шоусун алпара баштаган. Эми бул берүүнү Мария Шукшина менен Михаил Ефремов алпармакчы.
2007-жылы анын «Кайтаруу чекити» аттуу мемуар-китеби чыккан.