Ямайкалык жөө күлүк, Олимпиада оюндарынын 6 жолку чемпиону Усейн Болттун англиялык «Манчестер Юнайтеддин» күйөрманы экенин билсеңиз керек. Жакында эле ал «МЮнун» «Фулхэмдин» үстүнөн болгон жеңишине жандуу күбө болду. Ошондой эле ал аталган клубдун күйөрмандары тарабынан өзүнүн «Лондон-2012» Олимпиадасында жараткан рекорду жазылган футболка белекке алып, команданын башкы машыктыруучусу Алекс Фергюссон менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө ал «МЮнун» курамында ойногусу келгенин жашырган жок. Ал эми сэр Алекс: «Кийинки жылы мадриддик «Реал» менен ойнолуучу жолдоштук беттеште майдандан сага орун табабыз»,- деп ишендирип, жылуу узатты.